ВИДЕО — Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын ишине кимдер кийлигишип жатат?.. Абактагы аялдардын абалы…

ВИДЕО — Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын ишине кимдер кийлигишип жатат?.. Абактагы аялдардын абалы…

Бүгүн, 29-мартта Акыйкатчы Атыр Абдрахматова алдыда жаңылануу талабы турганын жана Акыйкатчы институтунда өзгөрүүлөр болуп жатканын жана боло турганын билдирди. Анын айтымында, кадр саясатына айрым чоңдор кийлигишип, «тигиге, буга тийбей эле койчу, иштей берсин!» деп коңгуроо кагып жатканын, бул мыйзамсыз экендигин баса белгилеп, алардын ысымдарын жакында ачык эле жазып чыгаарын эскертти.

Акыйкатчынын айткандарын толугу менен төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар:

Аялдардын абагын аралап…

Баса, Атыр Абдрахматова кечээ, 28-мартта №2 аялдардын түзөтүү мекемесине барып, жазасын өтөп жаткан аялдардын абалы, шарттары менен таанышып, айрымдары менен жолукканын айтып чыккан. Анын айтымында, 9 аялдын 3 жашка чейинки ымыркайлары абакта. Балдарга атайын ойной турган жер түзүлгөн эмес, кир жуугуч машинкасы жок, кичинекейлерге памперс жетишпейт, манеж жеткиликтүү эмес. Акыйкатчы аялдар көтөргөн маселелер боюнча жакын арада мониторинг жүргүзүлөрүн билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча аялдардын жалгыз абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Анда 350дөй аял камакта отурат.

Аялдардан чыккан алгачкы акыйкатчы

Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун түптөлгөнүнө 16 жыл болду. 2002-жылдан баштап иштей баштаган. Институтка адам укуктарын коргоо милдети жүктөлгөн. Алгач Турсунбай Бакир уулу, андан кийин Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаев жетектеген. 2018-жылы, 26-сентябрда Токон Мамытов шайланган. Ал былтыр парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырып кеткен. 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турган кызматка быйыл, 2-мартта 4 талапкер ат салышып, Атыр Абдрахматова жеңип чыккан. Бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Мыйзам боюнча Акыйкатчы 5 жылга шайланат. Мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөгөн, 30 жаштан кем эмес, 65 жаштан ашпаган, жогорку билимдүү, мурда соттолбогон жаран акыйкатчы болуп шайлана алат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.