Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп дайындалды. Куттуктайбыз!

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп дайындалды. Куттуктайбыз!
Бүгүн, 31-мартта мамлекеттик жана коомдук ишмер, драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, мындай чечим бүгүн, 31-мартта Түркиянын Бурса шаарында өткөн Түрксой уюумунун кезексиз жыйынында белгилүү болгон. Султан Раевдин талапкерлиги Тюрксой уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин чечими менен бекиген.
Бул кызматты буга чейин Казак Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, мурдагы Казакстан Республикасынын маданият министри Дүйсен Касеинов аркалап келсе, Султан Раев 2020-жылдан бери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

ТҮРКСОЙ качан түзүлгөн жана эмне иш кылат?

Эл аралык Түрк маданияты уюмуна (ТҮРКСОЙ) Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия мүчө. Аталган мамлекеттин маданият министрлери тарабынан 1993-жылы түзүлгөн. ТҮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барат жана ишмердүүлүгүн Түрк Кеңеши, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте жүргүзөт. Ошондой эле ЮНЕСКО, ИСЕСКО менен кызматташат. Мындан тышкары, көптөгөн муниципалитеттер, университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен ар кандай кызматташтык боюнча иш-чараларын жүргүзөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.