Рахат Керимбаева Ибрахим Аль-Радини Кыргызпатенттин инновациялык борборуна келип кетүүгө чакырды

Рахат Керимбаева Ибрахим Аль-Радини Кыргызпатенттин инновациялык борборуна келип кетүүгө чакырды

Бүгүн, 31-мартта Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаева Кыргызстандагы Сауд Аравия Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Аль-Ради менен жолукту.

Бул жолугушууда тараптар Кыргызпатент менен  Саудиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун (SAIP) ортосундагы кызматташтык тууралуу талкуулашып, мындан аркы кызматташуу пландарын талкулоо үчүн бир нече жолугушууларды өткөрүүнү макулдашты.

Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчикти жана инновациялар жаатындагы ишмердиги, ведомство тарабынан демилгеленип жаткан “40 райондон 40 демилге”, “Аймактарда инновациялык борборлорду ачуу”долбоорлору тууралуу айтып берип, элчини Кыргызпатенттин инновациялык борборуна келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде, Ибрахим Аль-Ради Кыргызпатенттин чыгармачылыкты, илимди өнүктүрүүдө жана аймактагы таланттарды колдоодогу ишмердигинин маанилүүлүгүн белгилеп, интеллектуалдык менчик ведомстволорунун кызматташтыгы эки өлкөнүн байланышын бекемдөөгө зор салым кошооруна ишенерин билдирди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.