Жети медициналык окуу жайдын лицензиясы жокко чыгарылат

Жети медициналык окуу жайдын лицензиясы жокко чыгарылат

Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик медициналык окуу жайлардын клиникалык базасын, шартын талдоо аяктаганын билдирди. Анын негизинде тизмедеги 17 мекеменин тогузунун клиникалык базасы жетишсиз, айрымдарында такыр эле жок экени аныкталган. Алар: Ош эл аралык медициналык университети; Кыргыз медико-стоматологиялык институту; Роэль Метрополитен университети; «Авиценна» эл аралык медицина университети; АВС Академиясы; Бишкек эл аралык медициналык институту; Медицина жана илим медициналык институту.  Мындан сырткары, буга чейин форма №6ны албаган “Адам” университети, Илим жана бизнес эл аралык институту жана Бишкек финансы-экономика академиясына байланыштуу Билим берүү министрлигине кайрылды.

«Кара тизмеден» чыккан окуу жайлар…

 

Эске сала кетсек, ушул жылдын февраль айында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын 17си жабыларын билдирген. Аны бул жайларда окутуу талаптарга жооп бербегени менен негиздеген.

Кыргызстанда медициналык окуу жайларды иретке салуу маселеси бир топ убакыттан бери көтөрүлүп келген. Өлкөдө медициналык багытта 28 миңден ашык чет элдик жаран билим алат. Алардын 8 миңге жакыны коңшу өлкөлөрдөн болсо, 20 миңдейи Пакистан, Индия, Бангладеш сыяктуу мамлекеттен келгендер.

2020-жылы Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды «кара тизмеге» киргизип, өз атуулдарын бул окуу жайларга тапшырбоого чакырган. Буга Кыргызстандан дарыгерлик диплом алган пакистандыктардын 90% Пакистандагы милдеттүү сынактан өтпөй, дипломдору жарабай калганы жүйө келтирилген. Кийинчерээк төрт медициналык жогорку окуу жайы «кара тизмеден» чыккан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.