Президенттин куттуктоосу жана тилеги. Орозо айында канча миллион акча чогулат?

Президенттин куттуктоосу жана тилеги. Орозо айында канча миллион акча чогулат?

Бүгүн, 2-апрелде Рамазан (Орозо) айы башталды. Президент Садыр Жапаров мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосу толугу менен төмөндө:

Кадырлуу кыргызстандыктар! Жалпыңыздарды мусулман жамааты көптөн көп күткөн берекелүү Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктайм.

Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үчүн өзгөчө ай болуп саналган Орозо айы акыркы эки жылда белгилүү чектөөлөр менен өтүп келгени белгилүү.

“Он эки айдын султаны” деп аталган бул айда Жараткан мээримин чачып, кечиримдүүлүктүн эшиктери ачылып, жакшы тилектер эселенип кабыл болору айтылат. Демек, бул айда адамдардын бири-бирине болгон урмат-сыйын бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаралат. Орозо жан дүйнөнү руханий жактан тарбиялап, адамдарды ырайымдуулукка, сабырдуулукка жана адептүүлүккө үйрөтөт. Ошондуктан, улуу айдын урматына Жараткандан дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий-экономикалык каатчылык маалында жалпы адамзат баласына кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тилейли.

Ошону менен бирге, эзелтен эле кыргыз калкыбыздын улууну урматта, кичүүнү ызаатта деп чакырык салган каада-салттарын бүгүнкү муун дагы кынтыксыз улантып кетерине ишенем.

Бабалардан калган кааданы улап, ата салтына уюп келе жаткан мекендештерибиз бири-бирин кечирип, бири-бирине болгон ымаласын арттырып, Мекенге болгон сүйүүсүн бекемделе берсин. Колу ачык, март жарандарыбыз калктын муктаждыктарын чечип, ажатын ачып, кайрымдуулук иштерине себепкер боло беришине тилектешмин. Орозонун касиети ар бир үйгө береке-кут, бакубат турмуш тартууласын! Отуз күн орозо тутуп, жан дүйнө тазартам деген изги тилектериңиздер кабыл болсун!

Орозодо канча акча чогулат?

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-апрелге караган түнү Кадыр түн болот. Орозо айы 2-майда  айт майрамы менен жыйынтыкталат.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) зекеттин көлөмүн бекитип, анын жол-жобосу тууралуу маалымат тараткан. Анда мындай деп жазылган:

«Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, азыктардын баасы орточо эсептелди. Садака-битир берген учурда 1 килограмм 600 грамм буудай (56 сом), ун (80 сом), мейиз (717 сом) же 3 килограмм 200 грамм арпа (103 сом), курма (596 сом) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз! Битир-садага берүүчү адам өз ыктыяры менен бей-бечара, муктаждарга көрсөтүлгөн баалардын көбүрөгүн чыгаруусу абзел. Шариятка ылайык, зекетке колундагы байлык-мүлктүн кырктан бир (40/1) бөлүгү 2,5% берилет. Ар бир пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан ашкан кунаажын, топоз зекет катары берилет. Ал эми кой-эчкиси 40ка жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой же бир эчки зекет катары берилет. Мусулмандын беш төөсү болуп, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет. Жылкынын зекети күнүмдүк жашоодо колдонулбаган, алты айдан ашык убакыт жайытта багылган жылкылардан алынат. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери да өзгөрөт»

Муфтияттын эсебинде, мусулмандардан жыл сайын Орозо айында 30 миллион сомдой садага-битир жыйналат. Бул каражат муктаж адамдарга таратылат жана диний керектөөлөргө жумшалат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.