Мелис ЭШИМКАНОВ: «Адабият, маданиятты түшүнбөгөн, детектив көргөн, коомго коркунучтуу муун келе жатат»

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Адабият, маданиятты түшүнбөгөн, детектив көргөн, коомго коркунучтуу муун келе жатат»

Белгилүү кинорежиссер, журналист Айдай Чотуева азыркы муун өзүбүздүн залкарларды билбей турганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Андагы суроо-жоопко назар салалы:

— Сүймөнкул Чокморов ким болгон?

— Комузчу.

— Таттыбүбү Турсунбаевачы?

— Бийчи, балерина.

— Керим Турапов деген ким?

— «Апам жапкан нанды сагынам» деп ырдайт ээ. Ал азыр барбы?

— … досторуң менен сүйлөшкөндө кыргыздын улуу адамдары жөнүндө кеп болобу?

— Алар деле билишпейт, сүйлөшпөйбүз.

— Алар менен эмнени сүйлөшөсүңөр?

— Кантип акча табуу керек жөнүндө сүйлөшөбүз. Кантип бай өлкөлөргө барып, көп акча тапса боло тургандыгы жөнүндө сүйлөшөбүз. Акча чечет баарын, туурабы? Акчаң болсо баары болот. Акчаң болсо баарын сатып аласың. Кыргыздын кыйындарын билбесем дагы Стив Джобсты билем, китептерин бүт окугам. Билл Гейтс жөнүндө окуп жүрөм азыр. Ийгиликке жетелөөчү Л. Рон. Хаббарддын ДИАНЕТИКА боюнча чо-оң китеп окуп бүттүм. (Дианетика саентология боюнча окутат. Көп өлкөлөрдө тыйуу салынган, биздин өлкөдө да саентология окутууга тыйуу салынса керек эле, айтор… билбейм, укканым бар…

Биринчи кыргыздын тарыхын бил, анан КЫРГЫЗ бол — деп узаттым, мектептеги окуусун окубай акча табыш үчүн иштеп жүргөн балакайга. Канчалык деңгээлде кабыл алды билбейм, айтор, өсүп келе жаткан муундун билими начарбы же өнүккөн технология менен кошо жүгүрүп алдыга кетип калганбы…

Мен мындан жыйырма жыл мурун Мелис Эшимкановдон интервью алган элем. «Адабият, маданиятты түшүнбөгөн, детектив көргөн, коомго коркунучтуу муун келе жатат. Ошол агым, катуу агып келбесе экен деп корком» деген эле…

Кыргыз таанымынан кабары жок, дүйнө элдерине сиңип кетчү муундар келип, коркунучтуу коңгуроо кагылып аткан жокпу? Же байыртадан бири-бирин түшүнбөгөн муундар кагылышып, жаңы муун өз ордун таппай атабы?..

Айдай ЧОТУЕВА

Салижан ЖИГИТОВ: «Укмуш муун келатат. Булар кыргызды бар кылат же жок кылат»

Жогоруда айтылуу Мелис Эшимканов ыраматылык агабыздын 20 жыл мурун айткан кебинде калет жок. Көрөгөчтүк кылыптыр…

Дагы бир кыргыздын көрүнүктүү көрөгөчү, адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны Салижан Жигитов агайыбыздын да азыркы муун тууралуу алда качан эле айтканы бар. «Бир укмуш эле муун келатат. Булар кыргызды бар кылат же жок кылат…» деп…

Мына, ушундай залкар, акылман инсандардын жазгандарын окубай, сырттан келген «акылдуу» китептерди ылгабай, иргебей окуп, кайдагы бир акча табам деген шылуундардын окууларына катышып, аны ээрчиген жаштардын көбөйүп жатканы өкүнүчтүү жана коркунучтуу… Сүймөнкул Чокморовду комузчу, Таттыбүбү Турсунбаеваны бийчи деген жаштардан эмнени күтсө болот?..

Эми мунун баарынын тамыры тереңде. Азыр балдарды тарбиялоо, китеп окутуу мурдагыга караганда татаал, кыйла оор болуп баратат. Биздин учурда доска, карта, глобус жана китеп эле жетиштүү туюлчу. Азыр балдарды булар менен сабакка, пайдалуу башкасына да кызыктыра албайсың. Бардыгы интернетке байланып, окуу түгүл, балалыкта чуркап, кубалап, жашынып ойнолчу оюндар «раритетке» айланды. Азгыргандын баары азыр интернетте. «Сабак окуйм, интернеттен карайм» дешет, текстти которуп берчү, эсебин чыгарып берчү тиркеме толтура, мээни кыйнап убара да тартышпайт. Телефон кармалап калганынан, керегине жаратып жаткан экен десең, алаксып пайдасыз нерсени тиктеп, Инстаграм, Тик-ток ж.б. деп чабыттап жүргөн болушат… 

Азыркы баалуулуктар баасы башкача. Анан алар биздин залкар инсандарга кайдан кызыксын дейсиң… 

Маалымат үчүн: Саентология деген эмне? 

Жогоруда кесиптешибиз менен баарлашкан балакай саентология тууралуу сөз кылыптыр… «Саентология» латын тилинен которгондо «билимди үйрөнүү» дегенди түшүндүрөт. Саентология Саентология чиркөөсү жана Эркин аймак болуп эки агымга бөлүнөт экен. Тагырагы, Эркин аймак 80-жылдын башында Саентология чиркөөсүнөн бөлүнүп кеткен. Саентология чиркөөсү 1954-жылы 18-февралда америкалык фантаст-жазуучу Рон Хаббард тарабынан Лос-Анжелесте негизделген. Ал диний идеяга жана ийгиликке жетүүнү эңсеген кишилерге багытталган. Андай окуулар бизде да далай ирет жүргүзүлүп, саентолог Гүлзат Мамытбек (Алымкулова) кызы «билимди үйрөнүү, муну үйрөнсөң миллионер болосуң» деп айрым жаштарды артынан ээрчитип, ийгиликке жетүүнү эңсеген. Агымдан адашкан аракетинин аягы эмне менен аяктады? Ал азыр кайда — аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Айтмакчы, Кыргызстанда Саентология чиркөөсү, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, 2001-жылы 31-январда диний уюм катары каттоодон өткөн. Бирок алар мистикалык жолугушууларды, сеанстарды лицензия албай эле жүргүзгөндүктөн каттоо күбөлүгүнөн айрылган. Тагырагы, 2012-жылы дин комиссиясы артка кайтарып алган. 2014-жылы чиркөө өзүн-өзү жойгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.