Казакстан 11-апрелден тартып Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек ара чектөөлөрүн алат

Казакстан 11-апрелден тартып Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек ара чектөөлөрүн алат

Казакстан 11-апрелден тартып өз жарандары менен чет өлкөлүктөр үчүн кургакта жайгашкан чек ара чектөөлөрүн жоёт. Жергиликтүү басылмалар казак өкмөтүнө шилтеме берүү менен бул чечим туруктуу эпидемиологиялык жайдайга байланыштуу кабыл алынганын кабарлашты. Маалыматка караганда, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги чектөөлөр алынат.

Мындан тышкары, Казакстандын мамлекеттик чек арасынан аба жолдору аркылуу өтүүгө коюлган бардык чектөөлөр да жоюлат. Бирок коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү, ревакцинация тууралуу документ же ПЧР тесттин терс натыйжасы талап кылынат.

6-апрелде президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу чек ара маселесин талкуулаган. Жапаров Токаевден чек араны Кыргызстандын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына чечүүнү өтүнгөн. Казак президенти бул жаатта тийиштүү органдарга тапшырма бере турганын билдирген.

Эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө бекеттери коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын жаз айынан бери жабык турат. Кыргызстандын жарандары коңшу өлкөгө учак менен гана бара алышат. Ошол эле маалда Казакстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан ээн-эркин өтүшөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.