МЭРИЯ: «Урматтуу шаардыктар! Айдоочулар тарабынан мыйзам бузуулар болсо кайрылыңыздар» (Телефондор)

МЭРИЯ: «Урматтуу шаардыктар! Айдоочулар тарабынан мыйзам бузуулар болсо кайрылыңыздар» (Телефондор)
Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, департаменттин адистери кичиавтобустук каттамдардын бекитилген кыймыл чиймелеринин өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүштү. Натыйжада 4 ташуучу ишканаларыдын каттамдарынан бекитилген кыймыл чиймени бузгандыгы аныкталып, аларга 192-берененин биринчи бөлүгүнүн «Башка бузуулар» боюнча 14 000 сомдон айып салынган:
— «Байшам-Транс» ЖЧКсы — №220, №138 каттамдар;
— «Восточный экспресс» ЖЧКсы — №211 каттамы;
— «Спэйсталс» ЖЧКсы — №134 маршруттук каттам;
— «Ак-Ниет-Транс» ЖЧКсы — №166 каттам.
Ошондой эле. мэрия автобус, троллейбус, кичиавтобустар үчүн бекитилген кыймыл чиймесин өзгөртүп жүрүүгө тыюу салынарын эскертип, айдоочуларга көңүл бурбаганы үчүн протокол түзүлүп, айыптар салынып, жеке ташуучуларга келишим бузулганга чейин тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирип, ишеним телефондорун жарыялашты.
Коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан кетирилген мыйзам бузуулар жана башка маселелер боюнча төмөнкү ишеним телефонуна кайрылууңуздарды суранабыз: 0(312) 53-36-48, 0(502) 205-202.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.