Омор СУЛТАНОВ: «Ак булуттарды» Асанкалыйдай эч ким ырдай албайт» (Архивдеги маек)

Омор СУЛТАНОВ: «Ак булуттарды» Асанкалыйдай эч ким ырдай албайт» (Архивдеги маек)

Эсен болуп, эстей жүр!

Кыргыз эл акыны, «Манас» орденинин ээси Омор Султановду жер койнуна алганына 3 күн болду. Залкар акыныбыз 3-апрелде көз жумуп, 5-апрелде акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынан өтүп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.  Акыркы сапарга сөзүн өзү жазган, обонун чыгармачылыкта үзөнгүлөшү, муңдашы, сырдашы болгон маркум обончу, ырчы Асанкалый Керимбаев чыгарган жана аткарган муңдуу «Ак булуттар» ыры менен узатылды… Бул ыр менен 23 жыл мурун Асанкалый агабыз 49 жашында узатылганы айтылып келет…

Ыр менен обон айкалышкан керемет чыгарма кандайча жаралып калган, ал тууралуу кыскача баян төмөндө…

АРХИВден…

Омор СУЛТАНОВ: «Асанкалый «Ак булуттарды» ырдаганда кээде чолок жаш чыгарып, ыйлап да алчу..»

— Агай, сиздин ырларыңызга көп эле обончулар обон чыгарышты. Алгач кимдер кайрылды эле?

— Менин ырларыма көптөгөн обондор чыкканы ырас. Обондордун дээрлик бардыгы мен үчүн кымбат жана угармандар деле ошондой кабылдашат го деп ойлойм. Эң алгачкылардан болуп Канымгүл Досмамбетова менен Калый Молдобасанов кайрылган.

Андан соң Рыспай Абдыкадыров кайрылып, ал ырларымдын көбүнө обон чыгарып, ырдап жүрдү. Анын обондору өтө мазмундуу эле… Ал адегенде мазмуну терең ырды таап алып, ага жараша обонун чыгараар эле…

Дегеле менин ырларыма мыкты обончулар обон жаратышты. Түгөлбай Казаков, Зайнидин Иманалиев, Таштан Эрматов жана башка композиторлор бир топ жакшы обондорду чыгарышты. Кийинчерээк Жолдошбек Мамажанов ырларыма сонун обондорду жаратты. Ал айрыкча ырды өзү ырдаганда көркүнө чыгат. Абидин Темиров жана аты-жөнүн мен жакшы билбеген жаш обончулар да сонун-сонун обондорду жаратып, ырдап жүрүшөт. Алардын көбү азыркы жаштарга ылайыкталган.

«Ак булуттар» аттуу ырыңызга жаралган обон тууралуу айтып берсеңиз…

— Кыргыздын таланттуу уулдарынын бири Асанкалый Керимбаев нукура талант болчу. Ал нота билчү эмес, бирок, обондорун ушунчалык даана, так, уккулуктуу жаратып ырдап чыгар эле. Ал өзүнүн обондорун өзү гана бардык шөкөтү менен өтө көрктүү жеткирип берип турчу… Менин ырларыма да ошондой мамиле жасап, бир топ ырларыма мыкты обондорду жаратты. Алардын ичинен өзү абдан жактырып ырдаганы «Ак булуттар» болчу. Бул ырга өзгөчө маани берээр эле. 1978-жыл болуш керек, бир күнү Асанкалый аккордеонун көтөрүп алып үйгө келиптир. «Ак булуттарды» китептен таап алып бир обон чыгардым»,- деп ырдап берди… «Ак булуттардын» Асанкалыйдын тагдырына байланышкан шарттары бар экендигин кийинчерээк билип калдым. Аны ырдаганда өзүн унутуп калган учурларын көп байкачумун. Кээде чолок жаш чыгарып, ыйлап да алчу…

Теңтуштарынын айтуусунда, «Мен өлгөндө үйдөн мүрзөгө, мүрзөдөн үйгө чейин «Ак булуттарды» ойнотуп келгиле» деп Асанкалый керээз калтырыптыр…

— «Ак булуттарды» айрым ырчылар ырдап калууда… Сизге кимисинин ырдаганы жагат?

— «Ак булуттар» ырындай эң жогоркудан эң төмөнкү диапазонго жеткен мындай обондуу ырлар бизде жокко эсе болбосо да, эң эле аз. Ошондуктанбы же тагдырлаш болбогондуктанбы, айтор, Асанкалыйдан башка ырчылар бул обонду даап ырдашпайт. Кээ бирөөлөр ырдап калат, бирок, Асанкалыйдай эмес, супсак ырдашат. Кандай болгон күндө да, «Ак булуттарга» окшогон чыгармалар элдин кенчи, түгөнбөс байлыгы, көркөм дөөлөтү болуп кала берет окшобойбу…

— «Ак булуттар» ырыңыз кандайча жаралып калды эле?..

— Башкаларды билбейм, өзүм ар бир ырымдын тарыхын жакшы билем десем болот. Ал ыр качан, кандайча, кантип, кайсы жолдон жазылгандыгынын баары азыркыга чейин көз алдымда турат. Ар бир адамдын тагдыры болгон сыяктуу эле ар бир жаралган чыгарманын, анын ичинде ырдын да өз тагдыры бар.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс», 2006-жыл

Асанкалый КЕРИМБАЕВ: «Ак булуттарды» ырдаганымда Омор байке эчкирип ыйласа, мен да шолоктоп…»

Омор байкенин ырлар жыйнагы кокусунан колума тийип, анын ичинен «Ак булуттар» аттуу ыры өзгөчө жагып калды. Кайра-кайра кайталап окудум.

«Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,

Айды алып баратканда ак булуттар...» деген саптарды окуганда көзүмө ысык жаш тегерене түштү. Менин чоң атам Керимбай кезинде жалган жалаа менен айдалып баратканда чоң энем буркурап, көзүнөн жашын тыя албай боз үйдүн босогосунда ыйлап турган экен. Денемди жалын каптагандай, ошол элес көз алдыма дүрт эте от алып, көөдөнүмдүн тереңинде бугуп жаткан буулуккан бук «Ак булуттар» деген ырга айланды… Омор байкеге адегенде «Ак булуттарды» угузсам, түшүнгөн жок. Кийин мени атайын Ысык-Көлгө ээрчитип барды. Экөөбүз көлдүн жээгинде отурабыз. Анан эле: «Асаке, кана эми баягы «Ак булуттарды» ырдап берчи», — деп калды. Мен ырдап… Омор байкенин ошондогу эчкирип ыйлаганы эсимден кетпейт. Мен да кошулуп, өпкө-өпкөгө тийбей шолоктоп ыйладым… Күн аябай бүркөк, көл бир башкача толкугансып, шарп-шурп, улам жээкке урунат. Омор ага жаш баладай далайга ыйлады…

«Кербез», 1995-жыл

 Ак булуттар

Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики

Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Отурам эскерүүдөн ичтен сызып.

Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айды алып баратканда ак булуттар.

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

Баса белгилей кетчү нерсе, ушул “Ак булуттардын” 3-куплетиндеги акыркы сапты мурда-кийин ырдай калгандардын “Айдалып баратканда ак булуттар“ деп ырдап жүрүшкөнү бар. Туурасы — “Айды алып баратканда ак булуттар” деп ырдалышы керек. Себеби автордун китебинде ушундай жазылган. Асанкалый агабыздын ырдаганын да жакшылап уксаңыздар, туурасын ырдаган…

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.