ТИМ америка визасы бар туристтерге визасыз режим киргизүүнү карайт

ТИМ америка визасы бар туристтерге визасыз режим киргизүүнү карайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) америкалык визасы бар туристтер үчүн визасыз режимди киргизүүнү карап чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кечээ, 7-апрелде билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашкан. Жыйынтыгында, Төрөбаев тийиштүү министрликкке туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун, бир айлык мөөнөттө Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын визалык режимдерин өз ара таануу боюнча маселени карап чыгууну тапшырган.

Кеңешменин жыйынтыгында туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлө турган болду, Экономика жана коммерция министрлиги туризм тармагын стимулдаштыруу боюнча программа иштеп чыкмай болду.

Туризм департаментинин маалыматына караганда, бул тармактагы жоготуулар пандемия учурунда 80% жеткен. Тармактагы ишканалардын 15% жакыны жабылган. Ал эми 17-мартта кыргыз өкмөтү «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгилен. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Кыргызстанда учурда 61 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. 2021-жылы 60 күндүк визасыз режимге уруксат берген өлкөлөрдүн санын дагы толуктаган. Ага Албания, Болгария, Вьетнам, Израил, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика мамлекеттери кирген. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алышат.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси өлкөнүн туристтик жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу максатында иш алып барып жатканын белгилейт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.