Владимир Путин Владимир Жириновскийди акыркы сапарга узатты…

Владимир Путин Владимир Жириновскийди акыркы сапарга узатты…
Орусиянын саясатчысы, Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский бүгүн, 8-апрелде акыркы сапарга узатылганын Орусиянын ММКлары жазып чыкты. Алардын айтымында, коштошуу зыйнатына Орусиянын президенти Владимир Путин барган.
В.Жириновский коронавируска кабылып, ооруканага оор абалда түшүп, жакшы боло албай 75 жашында көз жумган. Көзү тирүү болгондо 25-апрелде 76 жашка толмок.
Белгилей кетсек, буга чейин 25-мартта Владимир Жириновскийдин каза болгону тууралуу маалымат тарап, кайра эле ал төгүлдөлгөн эле…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.