Алмазбек АТАМБАЕВ: «Өмүр бою кескиле мени, бирок, кыйнап, шылдыңдоону токтоткула!»

Алмазбек АТАМБАЕВ: «Өмүр бою кескиле мени, бирок, кыйнап, шылдыңдоону токтоткула!»

Кечээ, 8-апрелде 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган сот отуруму уланды. Сот учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үч грыжасы бар экенин, ошондуктан отура албай турганын айтып, айнек тосмону тепкиледи. Ал ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын баса белгилеп, сот залына алып келбөөнү талап кылды. «Мени судья сотко катыштырбайт деп ишенем, анда ушундай укук бар. Өмүр бою кескиле мени, бирок, кыйнап, шылдыңдоону токтоткула!», — деди. Ошондон кийин сот залынан алып чыгып кетишти.

Белгилей кетсек, буга чейинки соттук жараян учурунда Атамбаев өзүн жаман сезип, ага «Тез жардам» чакырылган.

Атамбаевге тагылган айыптар…

Кыргызстанды 6 жыл (2011-2017-жылдары) башкарган Алмазбек Атамбаевге «Батукаев иши», Кой-Таш жана Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү деген айыптар тагылган. Мындан тышкары, учурда жогоруда айткандай, Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштери каралып, сот отуруму болууда… Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаевди сот 11 жылга эркинен ажыраткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.