Генерал-майор Самат Курманкулов 45 жашка толду. Куттуктайбыз!

Генерал-майор Самат Курманкулов 45 жашка толду. Куттуктайбыз!

«Эрдик» медалдын ээси, милициянын генерал-майору, төрт баланын атасы Самат Курманкуловдун бүгүн, 9-апрель туулган күнү. 45 жашка толгон Самат мырзаны куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон. Ал Москвага кетип дарыланган. 2020-жылдын 6-апрелинде Кыргызстанга учуп келип, Бишкектеги ИИМдин госпиталында дарыланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.