Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Түркияга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Кандай маселелер чечилди?..

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Түркияга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Кандай маселелер чечилди?..

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баштаган делегациясы 3-6-апрель күндөрү Түркия мамлекетине иш сапары менен барып, жыйынтыкталды. Иш сапар Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттиги (ТИКА) тарабынан каржыланып, бир топ жолугушуулар өткөрүлүп, маселелер макулдашылды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы кечээ, 8-апрелде билдирди.

4-апрелде Рахат Керимбаева Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар жана ТИКАнын вице-президенти Али Озгун менен жолукту. Тараптар STEAM билим берүү, аялдардын ойлоп табуучулугу жаатында, жалпы билим берүү мекемелериндеги инновациялык класстарды тахникалык жактан камсыздоо жана мектептердин мугалимдери үчүн атайын тренингдерди уюштуруу боюнча кызматташууну макулдашышты.

Мындан тышкары, директор ушул эле күнү Түркиянын патенттик ведомствосунун президенти Джемиль Башпинарга жолукту. Алар эки өлкөнүн патенттик ведомстволору өнөр жай менчигин коммерциалаштыруу, эксперттерди кадрдык жактан даярдоо, алардын тиешелүү квалификациялык деңгээлге жетүүсүн колдоо, географиялык көрсөткүчтөр, товардык белгилер жана товар чыгарылган жердин аталышы сыяктуу объектилер боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Натыйжада, дан келип түшкөн сунуштарды кароо жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын түзүү макулдашылды.

5-апрелде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумун (2021-жылдын 9-июну, Анкара шаары) ишке ашыруунун алкагында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баштаган делегация Түркия Республикасынын маданият жана туризм министрлигинин автордук укук боюнча башкы башкармалыгына (Анкара шаары) визит менен барды. Делегацияны Түркиянын автордук укук боюнча башкы башкармалыгын башкы директору Зия Ташкент тосуп алды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо, креативдүү чөйрөнү өнүктүрүү, биргеликте конференцияларды, тегерек столдорду жана окутуу программаларын уюштуруу макулдашылды.

Ушул эле күнү Рахат Керимбаева Түркиянын Президентинин Аппаратынын Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Неше Гулзен менен жолукту. Тараптар технопарктарды жана бизнес-инкубаторлорду түзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууну уюштурууну макулдашты. Андан тышкары, директор Түркиянын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо башкармалыгынын (KOSGEB) президенти Хасан Басри Курт менен жолугушуу өткөрдү. KOSGEB уюму менен биргеликте интеллектуалдык менчик объектилерин өндүрүштө колдонуу жана технологияларды трансферлөө, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки тараптуу кызматташуу Меморандумуна кол коюуну, инновациялык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты улантууну макулдашты.

Жолугушууларда аталган мекемелер менен Кыргызстанда технопарктарды жана инновациялык борборлорду куруудагы тажрыйба алмашуу, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташтыкты улантуу маселелери макулдашылды.

6-апрелде Рахат Керимбаева баштаган делегация Стамбул шаарында жайгашкан “Стамбул Технопаркы” жана “Түркия Технология Командасы” мекемеси менен таанышты.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

P.S. Рахат Керимбаеванын маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.