Лайли ҮКҮБАЕВА: «Депутаттык комиссия шайлоону тыкыр карап, адилет чечим чыгарарына ишеним, үмүт чоң!»

Лайли ҮКҮБАЕВА: «Депутаттык комиссия шайлоону тыкыр карап, адилет чечим чыгарарына ишеним, үмүт чоң!»

Айтматов таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева «Фейсбуктагы» баракчасына тммөндөгүдөй пост калтырды:

Урматтуу колдоочуларым, Сиздерге жакшы жаңылыгым бар. Менин кайрылуумду депутат Камила Талиева Жогорку Кеңешке алып чыгуусунун натыйжасында, 2021-жылдын 5-августунда, Кыргыз Улуттук илимдер академиясында (КУИАда) өткөн шайлоонун жыйынтыгын текшерүү үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Ал жакында иштей баштайт. Эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн авторитеттүү комиссия шайлоону тыкыр карап, адилет чечим чыгарарына ишеним, үмүт чоң!

Ушул маселени парламентке алып чыккан Жогорку Кеңештин  депутаты Камила Талиевага жана ал көтөргөн маселени колдоп, комиссия түзгөн эл өкүлдөрүнө ыраазычылыгымды билдирип, рахмат айтам!

Артка кылчайсак…

Белгилей кетсек, депутат Камила Талиева быйыл. 10-мартта парламентте илим-билим темасын козгоп, өткөн жылдагы КУИАда чырлуу шайлоону териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.

Эске сала кетсек, былтыр, жайында он бир жылдык тыныгуудан кийин Улуттук илимдер академиясында илимий наамдарына шайлоо болуп өткөн. Анда Адабият багыты боюнча корреспондент-мүчөлүккө филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева менен андагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун  басары Жылдыз Бакашова ат салышкан. Жыйынтыгында Бакашова өтүп кеткен. Буга коомчулук нааразы болуп, сын-пикирлерди күчөткөн. Тагырагы, Жылдыз Бакашова катуу сынга кабылган. «Илим эски система менен калып, өнүгүү жок!» дешип, Лайли Үкүбаеванын илимдеги 50 жылдык ишмердигинде Кыргызстан эле эмес, башка өлкөлөрдө да 20га жакын илимдин докторун жана кандидатын даярдаганын баса белгилешкен.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Профессор Лайли Үкүбаеванын «Плагиаттык… Же Жылдыз Бакашовага ачык кат» аттуу макаласын бул ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу маеги бул ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.