Депутат Нуржигит Кадырбеков классташтары менен көчөт отургузду. Эстафетаны кесиптештерине узатты…

Депутат Нуржигит Кадырбеков классташтары менен көчөт отургузду. Эстафетаны кесиптештерине узатты…
Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештеги «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Кара-Кулжага барып, классташтары менен көчөт отургузду. Мындай маалыматты «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, видеосун жайгаштырды. Анда депутат мындай дейт:
Классташтар менен Кара-Кулжада жаңы жөрөлгө баштадык. Өзүбүз акча топтоп, көчөт тандап, Ылай-Талаа айылында парк эктик. Паркка атактуу балбан Төрөбек атанын наамы берилди. Өсөлү десек өзүбүз кыймылдайлы. Малыбыз, жаныбыз, убактыбыз коромоюн, жакшылыкты жаюу, жамандыкты тыюу кыйын. Жашылданалы, жашаралы! «Жашыл Кыргызстан» деген токтомду кабыл алганбыз. Ошондо: «Бул ишке ашабы же жокпу? деген суроолор болгон. Ишке аша баштады. Кара-Кулжа районундагы Саманчы айылынын кире беришине миң түп көчөт отургуздук. «Бир адамдан бир көчөт» эстафетасын кесиптештерим: Балбак Түлөбаевге, Таалайбек кызы Жылдызга, Акыл Түмөнбаевге, Мирлан Самыйкожого, Улан Бакасовго, эгерде Таласта сезон өтө элек болсо, анда Бакыт Чойбековго аманат кылып тапшырам. Бак тигүү мөөнөтүн өткөзбөйлү! Кыргызстан жашыл өлкөгө айлансын!

Жашылдандыруу Жарлыгы… «Жашыл Мурас» демилгеси…

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров ушул жылдын 3-февралында «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, Ош шаарынын аймагына 10 миң түп павловния көчөтү отургузулуп, эстафета Бишкек шаарына узатылган. Бишкекке да бир топ көчөттөр отургузулду жана отургузулууда…
Мисалы, ушул эле күнү «Жашыл Мурас» демилгесинин негизинде, борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондорунда 812ге жакын жаш көчөттөр отургузулду. Жашылдандыруу иш-чарасына мэр Эмилбек Абдыкадыров катышты.
Токой ресурстарын туруктуу башкаруу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиевдин айтымында, көчөт отургузуу апрелдин аягы аяктайт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.