МИНИСТРЛИК: «1-класска электрондук каттоо бүгүн башталды» (Телефондор)

МИНИСТРЛИК: «1-класска электрондук каттоо бүгүн башталды» (Телефондор)
Бүгүн, 11-апрелде балдарыңыздарды 1-класска электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
Биринчи этап: 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча.
Экинчи этап: 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.
Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн баланы мектепке кабыл алуу тууралуу арыз берүүнүн кадамдык нускамасы: https://edu.gov.kg/posts/441/
Толук маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 988 940, +996 220 022 196, +996 220 022183, +996 220022381
Буга чейин Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев балдар эми 6 жаштан баштап милдеттүү түрдө 1-класска барарын билдирген. Министрдин мындай маалыматы коомчулукка жакпай, алигүнчө социалдык тармактарда кызуу талкууланууда…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.