Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Жаңжал болгон жерде маселени макулдашуу жолу менен чечип алса болот»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Жаңжал болгон жерде маселени макулдашуу жолу менен чечип алса болот»

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Республикалык медиаторлор жамааты байкоочу кеңеши жана Улуттук медиация борборунун өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууга Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев,  Республикалык медиаторлор жамааты байкоочу кеңешинин төрайымы Гүлсина  Кожоярова, Улуттук медиация борборунун директору Чинара Курбанова жана аталган борбордун Ош облусундагы филиалынын директору Авазбек Шамшиев катышты.

Тараптар Кыргыз Республикасында медиация институтунун өнүгүшү боюнча пикир алышышты. Авазбек Шамшиев медиаторлор менен соттордун байланышынын деңгээли боюнча рейтинги түзүлүп, алдыңкы сапта Баткен,  андан кийин Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустары тургандыгын айтты.

Медиация институтунун өкүлдөрү сотторду милдеттүү түрдө  тараптарды талаш-тартыш маселелерди чечүүдө медиаторлорго жөнөтүү маселесин көтөрүштү.

Замирбек Базарбеков медиация институту талаш-тартыш, жаңжал пайда болгон тараптарга сотко чейин  маселени макулдашуу жолу менен чечип алууга, убакытты жана каражатты бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берерин кошумчалап, аталган институтту колдой тургандыгын билдирди.

Тараптар Жогорку соту менен “Республикалык  медиаторлор жамааты” коомдук бирикмесинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумду узартуу маселесине дагы токтолушту. Мындан тышкары, соттор менен медиатолордун өз ара байланыштарын бекемдөө боюнча кызматташтыктар улантыла тургандыгы да айтылды.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.