Жогорку соттун төрагасы Акыйкатчы менен жолукту. Экөө эмнени сүйлөштү?..

Жогорку соттун төрагасы Акыйкатчы менен жолукту. Экөө эмнени сүйлөштү?..

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Акыйкатчы Атыр Абдрахматова менен жолукту. Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 11-апрелде билдирди.

Алардын маалыматына караганда, төрага Атыр Абдрахматованы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) кызматына шайланышы менен куттуктап, мындай жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалап, адам укуктары тууралуу баарлашкан. Тагырагы, тараптар адам укуктарын коргоо, сот адилеттигине жетүү, жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүдө биргелешкен аракеттерди көрүү мүмкүнчүлүктөрү туурасында бир катар актуалдуу маселелерге токтолушкан.

Атыр Абдрахматова Акыйкатчы болуп шайланганына 1 ай гана болгонун, аз убакыттын ичинде эле үч жүзгө жакын жаранды кабыл алганын айтып, соттук отурумдарга мониторинг жүргүзүп жаткандыгын билдирген. Арыз берген жарандардын жарымынан көбү Акыйкатчынын компетенциясына жана мыйзамдуу ыйгарым укуктарына кирбей тургандыгын айтып, бул жагдай институттун маңызын туура эмес түшүнүүдөн келип чыккандыгын баса белгилеп, адам укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тыгыз кызматташуу жана жалпы күч-аракеттерди багыттоо сунушун киргизди.

Ал эми Замирбек Базарбеков адамдын конституциялык укугун жана эркиндигинин сакталышына Акыйкатчынын парламенттик көзөмөлүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен иш Акыйкатчынын натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жарандардын сот системасына болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берерин билдирди.

Эске сала кетсек, аялдардан чыккан алгачкы Акыйкатчы Атыр Абдрахматова бул кызматка 2-мартта шайланган. Бир ай 9 күндүн ичинде бир топ алгылыктуу иштерди жасады жана жасап жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.