Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Адам деген жалган сөздөн уялат, Акты кара дей бергениң — кыянат»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Адам деген жалган сөздөн уялат, Акты кара дей бергениң — кыянат»
Стамбулда иштеп, жашап жаткан журналист, котормочу, акын Жыргалбек КАСАБОЛОТ агабыз жапжаңы ырын «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.
Ал ырдын алдына акын Калчоро Көкүлов агабыз мындай деп жазды: «Ар кимдин алган билими менен билген илими ар башка болот. Тигил деле, бул деле пайгамбар эмес, бирок, реалдуулук такыр бөлөк болуп чыгышы да мүмкүн. Сен күндүн уулусуң иним, мен сыйлайм.
Ыр мыкты экен»
Анда эмесе, Калчоро агабыз мактаган мыкты ырды чогуу тыңдайлы, окурман!

Акыйкат

Билими жок көңдөй көрүп башымды,
Билип-билбей ыргытсаң да ташыңды,
Кээ бириңдин аяп турам көөнүңдү,
Кээ бириңдин сыйлап турам жашыңды.
Алакам бар, көбүң менен ширелген,
Амалы көп, да бирөөсү чиренген.
Бирок мага акыйкаттын жарыгы,
Бийик турат кантсе дагы силерден.
Түшөм десең — жалган үчүн тор мына,
Түтөм десең — жатат нечен жол мына.
Чыга келсе жаркыраган Күн сымал,
Чындык гана коёт баарын ордуна.
Айтып кеткен өмүрүнүн күзүндө,
Апакемдин осуяты күчүндө:
“Ушул балаң Күндүн уулу болот” деп,
Ууздай кары айткан экен, түшүндө.
Адам деген жалган сөздөн уялат,
Акты кара дей бергениң — кыянат.
Акыр түбү абийир гана тараза,
Аныгында чындык гана зыярат…
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
(Стамбул, 11/04/22)
P.S. Жыргалбек Касаболот агабыздын 7 атасы, үй-бүлөсү, кайсы учурда ыр жазары жана спорт тууралуу берген маеги бул жердеги ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.