Москвадагы отурумда Кыргызстанга кайсы маселелер боюнча оң баа берилди?..

Москвадагы отурумда Кыргызстанга кайсы маселелер боюнча оң баа берилди?..
Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ) Административдик Кеңешинин кыркынчы (кезексиз он экинчи) отуруму кечээ, 11-апрелде Москва шаарында болуп өттү.  Отурумга Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, Армения, Азербайжан, Беларусь, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекетинин жана Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызпатенттин маалыматына караганда, күн тартибинде патенттик алымдар, Евразия патенттик конвенциясына (ЕАПК) финансылык инструкцияларды актуалдаштыруу маселелери каралып, 2020, 2021-жылдарга карата отчеттор, 2022-жылга карата бюджеттин долбоору, ЕАПКга тиешелүү процедуралык маселелер угулду жана жактырылды.
Мындан сырткары, В.И. Блинников атындагы ойлоп табуучулук ишмердиктин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн талапкерлерди көрсөтүү маселеси ортого салынып, Кыргыз Республикасынын регионалдык семинарларды өткөрүү жана ЕАПУнун Административдик Кеңешинин ишмердигин уюштуруу боюнча финансылык-экономикалык демилгеси колдоого алынды.
Жыйынтыгында, ЕАПКга мүчө мамлекеттеринин жана Россия мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясынын өз ара аракеттенүүсүнө, анын ичинде, кызыкдар тараптардын квалификациясын жогорулатуу жана окутуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын натыйжаларына оң баа берилди.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.