Эдил БАЙСАЛОВ: «Равшан Жээнбеков менен Клара Сооронкулова оппозиция эмес, активист…»

Эдил БАЙСАЛОВ: «Равшан Жээнбеков менен Клара Сооронкулова оппозиция эмес, активист…»
Бүгүн, 13-апрелде «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» жыйын өткөрдү. Жыйынга Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Ишенбай Кадырбеков, Бектур Асанов жана башка бир топ саясатчылар катышты. Алар бийликтин «Кумтөр» кени боюнча «Центерра Голд» менен түзүлгөн келишимди сынга алып, бийликти  келишимден баш тартууга чакырды. Бектур Асанов макулдашуунун күчүнө киришине 90 күн бар экендигин эскертсе, Клара Сооронкулова мөңгүлөрдүн эрип жатканына тынчсызданып, ага Кумтөрдүн тиешеси жок деп айта баштаган экологдорго нааразы болду.

Эдил БАЙСАЛОВ: «Саясатчы менен артист сезиш керек, сахнадан качан түшүштү…»

Оппозициялык кыймылдын жыйынынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сынга алды. Ал Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
Мен баарын түшүнөм. Бирок оппозиция деп бул досторубузду атоо туура эмес, кымбаттуу Kyrgyz Azattyk Unalgysy. Равшан Бабыр уулу эки жарым миң добуш алган, президенттик шайлоодо, 0.19%! Клара айымдыкы дурусураак, 1% — 14 миң добуш. Анан кайдагы оппозиция боло алышмак эле? Активист дегилечи сураныч. Ошол туура болот! Калгандарын айтпай эле коеюн. Уят эле, бирок. Саясатчы менен артист сезиш керек, сахнадан качан түшүштү…
Эптеп эле чырлап, кыпчылып, өрдөк жокто чулдук бий болуу аракети. Оппозиция болот, азыр деле бар. Бирок, бул активисттер эмес. Бузуку деп айтпайын. Бирок Кумтөрдү 100% Элибизге кайтарылышына БУУ баш болуп, дүйнөлүк коомчулук суктанып, алкыш айтып атышса, куттуктап, булар тескери каршы чыгып аткандары бузукулук эмей эмне?..»

Садыр ЖАПАРОВ: «Кумтөр» толугу менен мамлекеттин менчигине өттү»

Президент Садыр Жапаров апрелдин башында (4-апрелде) “Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюп, «Кумтөр» кени толугу менен мамлекеттин менчигине өткөнүн жарыялаган.

Мамлекет башчы ошол эле күнү элге кайрылып, мындан ары «Кумтөр» кени толугу менен Кыргызстанга таандык болгонун баса белгилеп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү болгонун билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.