ЧУКУЛ КАБАР: Акын Айсулуу Көкөева аял манасчыларга арналган лекцияга чакырды. (Дарек)

ЧУКУЛ КАБАР: Акын Айсулуу Көкөева аял манасчыларга арналган лекцияга чакырды. (Дарек)

Эртен, 14-апрелде аял манасчыларга арналган лекция болот. Лектор: Мукарам Токтогулова (Борбордук Азиядагы Америка Университети, филология илимдеринин кандидаты, доцент).

 

Бул тууралуу эркин журналист, акын Айсулуу Көкөева билдирип, мындай деди: «Эл арасында “аялдан манасчы чыкпайт” деп айтылып жүрөт. Кээде окумуштуулар да, “манасчылыктын жүгү оор, андай жүктү табиятынан назик жаралган аялзаты көтөрө албайт, ошондуктан атактуу манасчылар эркектерден гана чыккан” дешет. Бирок өткөн тарыхыбызга кайрылсак, “Манас” айткан аялдардын атагы чыкпаганы менен, эл арасында алардын айтуучулук өнөрү тууралуу оозеки маалыматтар көп. Бул лекцияда Мукарам Токтогулова манасчы аялдардын өмүр таржымалын жана эмне үчүн алар таанылбай калгандыгы тууралуу баяндайт«.

Дареги: Бишкек шаары. Исхак Раззаков 8/1, «Манас» жыйындар залы.

Убактысы: саат 17.00

Нази БАЯН кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.