Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы маалыматтар… Камила Талиева эмнени айтты?..

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы маалыматтар… Камила Талиева эмнени айтты?..

Бүгүн, 13-апрелде парламентте кыргыз-тажик чек ара маселеси каралды. Анда «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Камила Талиева чек арага тынчсызданып, буларды айтты: «Кечээ, 12-апрелде кайрадан кыргыз-тажик ок атышуу болгонун ММКлардан окудуңуздар. Арка, Жаштык, Максат, Кулунду айылдарындагы 18 миңден ашуун жаштар, наристелер, карыялар түнү менен азап чегишти. Буга чейин байма-бай айткам, дагы айтам стратегиялык жол тууралуу… Ошол жол өтө маанилүү, ушул жолду эртелетпесек болбойт, тезирээк чечип берели!»

Акимияттын билдирүүсү…

Чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары үйлөрүнө кайтып барганын Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан улам 17 миңден ашуун адам коопсуз айылдарга чыгып кетип, бала бакча, мектеп жана үйлөрдө түнөшкөн. Алар эртең менен кайра үйлөрүнө жеткирилген.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги ок атышууда Кыргызстандын эки жоокери жараат алганын билдирген. Анын бири Лейлек районунун ооруканасында дарыланууда. Экинчисине хирургиялык жардам көрсөтүлдү, абалы орто.

Лейлек райондук ооруканасынын башчысы Алымкул Абдиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жоокердин бутуна, санына жана таманына октун чачырандылары тийген. Анын абалы орто, операция жасалган жок. Аны Бишкек же Ош шаарындагы госпиталга которуу каралууда…

Алимбаевдин айтымында…

Ал эми президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин журналисттерге берген маалыматына караганда, аймакта абал кечээгиге салыштырмалуу туруктуу. Эки тараптуу сүйлөшүү аяктай элек.

Белгилей кетсек. Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү 13-апрелге караган түнү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде башталган.
Эске сала кетсек, кечээ, 12-апрелде, кечке маал кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болгону маалым болгон. Кыргызстан тарап алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталганын, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганын маалымдаган.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

Көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келет…

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 29-апрелинде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркаган. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Депутат Камила Талиева дал ушул көйгөйлүү маселени бийликке буга чейин какшап айтып келген, андагы элчини да кайда деп издеген эле. Анда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбеков  эле. 4 жыл элчи болду. Бирок бир дагы жолу анын үнүн укмак түгүл, өзүн көргөн жокпуз. 4 жыл жөн эле мамлекеттен айлык алып отуруп берди. Элчилердин айлыгы 3 миң долларбы?.. Бул эми чоң тема, жакында жазабыз!

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында эки тажик жана төрт өзбек эксклавы жайгашкан. Аларда тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан улуттар аралык жаңжалдар чыгып келет. Чек ара чыры бүгүн, кечээ чыга калган чыр эмес, абалкы маселе. Ушул көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келатканы ачуу чындык. Дайыма эле кыргыз бийлиги чек арадагы абал дайыма көзөмөлдө экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып эле келе жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.