Бурул ДОГДУРБЕКОВА: «Жөнөкөй ушул акын — «Жаман сары», Залкардын залкары бул, заман шаңы!»

Бурул ДОГДУРБЕКОВА: «Жөнөкөй ушул акын — «Жаман сары»,  Залкардын залкары бул, заман шаңы!»

Бүгүн, 14-апрелде, Бишкек шаардык борборунун китепкана тармагынын борбордук китепканасында Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган «Кыргыз деп келгем дүйнөгө» аттуу адабий кече өткөрүлдү.

Кечеге Кыргыз Эл акындары: Анатай Өмүрканов, Надырбек Алымбеков, Меңди Мамазаирова, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, акындар Өктөм Мамаева, Майрамбүбү Абдыканова, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аяшы, ажы апа Шарапат Нуралиева, «Данакер лингво» маданий илимий коомдук бирикмесинин жетекчиси Кундуз Исмаилова, аталган бирикменин мүчөлөрү, акындар: Кайыргүл Надырбекова, Нурлан Камчыбеков, Бурул Догдурбекова, Байдылда уулу Бахтияр жана студенттер катышты.

Залкар акыныбызды Эл акындары жакшы эскерип беришти. Ырларын студенттер көркөм окушту. Обондуу ырларын жандуу үн менен комуз, аккердеон, гитаранын коштоосунда ырдап беришти.

Жаш акын Бурул Догдурбекова Байдылда атабызга арнаган ырын көркөм окуп берди.

 Заман шаңы

(Байдылда Сарногоевке арналат)

Каратты кара мүртөз кайдыгерди,

Кашкайта жазып күндү, айды-жерди.

Камтыбай залкарлардын катарына,

Калтырып кетем кантип Байдыкемди?

 

Таланттуу тапан уулу — Сарногойдун,

Таамайын жазган иргеп, тандап ойдун.

Таластын кулуну бул, жана дагы,

Тарыхта бир тамчысы — хан Ногойдун!

 

Жалындуу албуут жана бурганактуу,

Жазганы жаңырыктуу, чуу салат-чуу.

Шумкардай канат күүлөп жарык көргөн,

Алгачкы чыгармасы «Шумкар» аттуу!

 

Улама узун жолдо — унаа башы,

Уңгулуу сөзгө толгон субаласы.

Турбайбы айгинелеп ким экенин,

«Ашуудан берген отчет»- убадасы.

 

Эсирбей эпсиз талант бергенине,

Эпкиндүү эрмек болгон эл-жерине.

Жээлигип көбү бирок, жеткен эмес,

«Жем түшүп кеткен буттун «- желгенине.

 

Көпкөлөң, сезгендерди күчтүү өзүн,

Мисалдап моюндаткан бүт күнөөсүн.

«Эшекке күлүп гана, эшекмин»- деп,

«Итмин» деп, сөзгө жыккан иттин өзүн.

 

Ээрчишип эгиз элдин басаарына,

Көпүрө салган Кыргыз-Казагына.

«Алыкул» сыйлыгынын лауреаты,

Ак кардай аруулугу таза-мына!

 

Жөнөкөй ушул акын — «Жаман сары»,

Залкардын залкары бул, заман шаңы!!

Бурул ДОГДУРБЕКОВА

АРХИВден…

Бахтияр САРНОГОЕВ: «Атамдын өз аты-жөнү — Убайдылда Айтманбетов»

Байдылда атабыздын өз аты-жөнү башка экенин 2007-жылы «Де-Факто» гезитиндеги Зина Сарногоева эжебиз менен болгон маекте, ортончу уулунан уктук эле. Анда Бахтияр байке мындай деген:

 

— Таласта Чоң-Чычкан (азыркы «Жерүй» кени салынган жер) деген тоо бар. Ошол жакта Кулманбес (негизи Кулун эмбес болчу) деген кыштоо бар. Атам ошол жерде төрөлүп, балалыгы ошол жерде өткөн. Уруусу — чылпак. Чылпактар «күңгөй, тескей» деп экиге бөлүнөт экен. Атам тескей чылпактардан болот. Чоң атам Сарногой молдо болгон экен. Негизи чоң атамдын да өз аты — Айтманбет. Эл арасында ногой, татарлар көп жашашкан экен. Ошолор менен кошуна туруп калганда, бир татар молдо, чоң атам сары киши болгондуктан аны «Сарыногой» деп атап койсо, ошол аты ошол бойдон айтылып калып кетет. Атамдын да азан чакырылып коюлган аты Убайдылда болуптур. Ошондо өз аты-жөнү — Убайдылда Айтманбетов болуп атат да. Биз деле кийин, 1991-жылы кайсы бир журналга атамдын берген интервьюсунан окуп алып таң калганбыз.

Назира СААЛИЕВА,

«Де-Факто», 2007-жыл

 P.S. Толук макаланы эртең, 15-апрелде окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.