ИИМ: «Чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!»

ИИМ: «Чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!»
Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, социалдык тармактарда тарап жаткан чагымчыл материалдарга ишенбөөнү сунуштап, чагымчыл материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Бүгүн, 14-апрелде ИИМ төмөндөгүдөй билдирүү таратты:
— Башка мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарга байланышкан маалыматтарды каалагандай бурмалап жана алардын жарандарын мазактаган ар кандай видео-фотоматериалдарды тараткандан алыс болууну сунуштайт. Анткени бул аракеттер моралдык этикага туура келбейт.
ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат.
Белгисиз бирөөлөр тарабынан чагымчыл билдирүүлөрдүн таратылып жатышын ИИМ жасалма жол менен абалды курчутуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу аракети катары баалайт.
Учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймакта коомдук-саясий абал туруктуу, тынчсызданууга жана кооптонууга негиз жок. Күч органдары коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.
Эгерде мындай фактыга туш келип калсаңыз, анда 102 номери аркылуу милицияга билдирип коюуну өтүнөт.
ИИМ эскертет: Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар ачыкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.