Залкар акын Байдылда Сарногоевге арналган адабий кечеге келиңиздер! Эки акын айымдын ыры…

Залкар акын Байдылда Сарногоевге арналган адабий кечеге келиңиздер! Эки акын айымдын ыры…

«Кыргыз деп келгем дүйнөгө» аттуу адабий кечеге келиңиздер!

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана «Манас» орденинин ээси, Кыргыз Эл акыны азил-какшык аралаш саптары менен далайды чычалаткан, далайды алдастаткан, далайдын жүрөгүнөн түнөк тапкан, кыргыз деп келип, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн Байдылда Сарногоев атабыздын көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак экен. Бүгүн, 14-апрелде залкар акыныбыздын 90 жылдыгына арналган «Кыргыз деп келгем дүйнөгө» аттуу адабий кече өткөрүлөт.
Башталышы: саат 14:00.
Дареги: Бишкек шаары. С.Чокморов, 246 (Турусбеков менен кесилишет). Сурап-билүү телефону: 0708 092598.
Кечээ, 13-апрелде «Данакер Лингво» маданий—илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү, акын Кайыргүл НАДЫРБЕКОВАнын атабызга арнаган ырын бергенбиз. Бүгүн эки акын эжебиз: Эркеайым БОТАЛИЕВА менен Гүлбүбү БАЙБУГУЕВАнын ырын берип турубуз.

Эркеайым БОТАЛИЕВА: «Ашуудан берген отчётуң, Ар жылы сайын окуймун»

Ортокмун, жыргалына, азабына,
Ырларым жөнөй бергин сапарыңа.
Силерди өзүм үчүн жазган жокмун,
Эл-Журттун арасында жашагыла.
Байдылда САРНОГОЕВ
ЗАЛКАРГА
Ашуудан берген отчётуң,
Ар жылы сайын окуймун.
Жаттап алдым далайын,
Канбады бирок, моокумум.
Термелеп ар бир тамгасын,
Түшүмдө көрөм, саптарын.
Китебиң жаздап башыма,
Изденем талбай, сырларың.
Чогултуп издеп жыйнагың,
Окудум канбай ырларың.
Устатым деп, урматтап,
Шакиртиң болуп алганмын.
Залкарым акын Байдыке,
Башымды ийем, мен сизге.
Жолуңуз улап жазсам деп,
Тилегим менин бирөө эле…
Эркеайым БОТАЛИЕВА (17.12.17)
Гүлбүбү БАЙБУГУЕВАдан ПАРОДИЯ
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен, баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.
Байдылда САРНОГОЕВ
Залкар акын Байдылда САРНОГОЕВдин ырына
ПАРОДИЯ
Анда мен,
Ак үй болот, кызматтын бийик жери
Абийирдүү бол, кыргыздын жигиттери.
«Акча жебе ал жерден, тим жүргүн»- деп,
Ата-энең үйрөткөн жокпу сени?
Парламент да, кызматтын бийик жери,
Пара жебе, кыргыздын жигиттери.
«Парың» чыгат кармалсаң, албагын, деп
Папаң-мамаң үйрөткөн жокпу сени?
«Таңка» кылат, таякелердин «бийиктери»,
Таңкадай бол, кыргыздын жигиттери.
«Таңка» десе, талкалап койбогун, деп,
Таякелериң үйрөткөн жокпу сени?
Адеп болот, тарбиянын бийик жери,
Адептүү бол, кыргыздын жигиттери.
Аркы-берки жагыңды «кажыба» деп,
Ата-энең үйрөткөн жокпу сени???
Таңгөрү…
Гүлбүбү БАЙБУГУЕВА, 2021-жыл

Уникалдуу акыныбыздан ажырап калганыбызга 18 жыл болуптур…

Кыргыз поэзиясынын “…кыргыз поэзиясында эч кимге окшобогон, эч кимди кайталабаган жана эч качан, эч ким тарабынан экинчи кайталанбай турган өзүнчө бир уникалдуу акын” баасын алган Байдылда Сарногоев атабыздан ажырап калганыбызга 18 жыл болуптур… 2004-жылдын 19 – ноябрында 72 жаш курагында узакка созулган оорудан көз жумган. Ооруп жатканда жанынан чыкпай, жакшы караган жары Зина апабызды акын-жазуучулар мактап-алкап келет. «Апамдын атама кылган айкөл, жароокер мамилесин, сабырын атам бир топ жыл төшөктө жатып калганда көрдүм. «Чарчадым, уйкум канган жок» деп наалып-кейигенин бир дагы жолу уккан жокпуз. Күндүз да, түнкүсүн да атамдын жанында болуп, жакшы карады» деп эскергени бар Гүлсана эжебиздин. Залкар акыныбыздын өзүнүн да жубайына, балдарына ыраазы болуп жазган акыркы ыры бар. Ал — «Бук болуп жазган арманым».

Байдылда САРНОГОЕВ: «Бук болуп жазган арманым»

Жаштык кез өтүп жат болду,

Карылык мага мат болду.

Кайран бут сынып, башыма —

Карыптык түшкөн чак болду.

Жашымда жаткан кемпирчем,

«Жантакбай» деген ат койду.

Жигит кез өтүп жылт койду,

Жыргал жай өтүп, кыш болду.

Тандабай баскан таманым,

Тайгалак музга туш болду.

Самаган жака бара албай,

Сары акын байкуш бук болду.

Үйүмдө илкип көп ирет,

Үшкүрсөм боюм жеӊилет.

Үч мүнөт баскан жолдорум,

Үч айлык жолдой көрүнөт.

Энтиксем эстүү кемпирчем,

«Эс алгын чалым» деп ийет.

Калтаӊдай бассам «кас-кас» деп,

Кайратын берет «бас-бас» деп.

Кадырын билбес чалынын,

Кемпирден деле акмак көп…

Өлүмүн тилеп жүргөн бар,

«Өлөсүӊ качан какбаш» деп.

Адептүү, эстүү балдарым,

Аталап турат ар дайым.

Барктабай алар коймокпу,

Бапестеп бакса алганым

Бар гана үйдөн чыга албай,

Бук болуп жазган арманым.

Көркөм сөз чеберлеринин бири, кайталангыс талант Байдылда Сарногоев атабыз артына калтырган өлбөс-өчпөс поэзиясында жашай бермекчи! Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.