Байдылда Сарногоевдин 194 куплеттен турган «Мидинге кат» сатиралык поэмасын студент окуп ыйлатты…

Байдылда Сарногоевдин 194 куплеттен турган «Мидинге кат» сатиралык поэмасын студент окуп ыйлатты…

Кыргыз эл акыны Байдылда САРНОГОЕВдин туулгандыгынын 90 жылдыгынын урматына, мамлекеттик деңгээлде иш-чарага чейин, чакан чөйрөдө иш-чаралар өтүп жатканын буга чейин жазганбыз. Кечээ ошондой иш-чаранын бири болгонун кыскача маалымдадык эле, бүгүн толугуна токтоло кетели дедик. 

Эми 90 жылдык мааракелик чакан иш-чараны Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тутумундагы Борбордук китепкана уюштуруптур. Жетекчиси – Дандыбаева Гүлсайра Жоошбаевна (алып баруучу кыз: “паспортто Күлсайра Джоошбаевна, ушинтип жазыӊыз» деп айтты эле, «орусча ошондой толтурулуп калгандыр, кыргызча ушундай эле болот» деп кыпкыргызча эле жазып салдык – ред.) экен.

Китепканага барганыбызда эле көзүбүзгө Гүлсайра Жоошбаевна кире турган кабинеттин каалгасынын үстүндө залкар жазуучубуз Чыӊгыз АЙТМАТОВдун : «Жаштар! Китептин тагдыры силердин колуӊарда. А силердин тагдырыӊар китепке байланыштуу. Китепти сүйгүлө, китепке жакын болгула!» деп бакырайта жазылып илинип турган сөзү урунду. Аны окуп, аталышы да, максаты да, маңызы да улук иш-чарага толкундаган сезим менен кирдик.

Дегеним аяшынын мындай сөзүн окуган, кайын агасы Байдылда Сарногоевдин жаш кезиндеги сүрөтүн көргөн Шарапат (Нуралиева) ажы апа өзгөчө кубанды. 80-жазды тосуп жаткан ушул апабыз, жакында эле бир көзүнөн операция болгонуна карабай, залкар акыныбыздын эскерүү кечесин угуп, «Жердеш байкеме кантип барбай коеюн? Ырлары мыкты, уккуӊ эле келет. Ырлары окулса керек, ырдалса керек!» деп белгиленген убакыттан да эрте келди. Өз убагында, кечикпей келүү да — улуудан үлгү кылар эӊ жакшы сапат…

Иш-чарага Кыргыз Эл акындары: Анатай Өмүрканов, Надырбек Алымбеков, Меңди Мамазаирова, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, акындар Өктөм Мамаева, Майрамбүбү Абдыканова, «Данакер лингво» маданий илимий коомдук бирикмесинин жетекчиси Кундуз Исмаилова, аталган бирикменин мүчөлөрү, акындар: Кайыргүл Надырбекова, Нурлан Камчыбеков, Бурул Догдурбекова, Байдылда уулу Бахтияр жана студенттер катышты.

Байдылда САРНОГОЕВ: «Карт акын – деп айтса дагы кай бирөө, Халтурщик – деп айтпаса экен өмүрдө»

Китепкананын жетекчиси Гүлсайра Дандыбаева иш-чаранын башын ачып берип, залкар акыныбыздын өмүр таржымалынан баян кылды. «Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана «Манас» орденинин ээси Байдылда Сарногоев Таластын Кара-Ой деген айылында жарыкка келген. Жубайы Зина эженин эскерүүсүндө минтип айтканы бар: «Чыныгы туулган жылы 1928-жыл экен. Ата-энесинен эрте ажырап калган балага убагында күбөлүк алып берген киши жок, кийин паспортуна болжол менен эле 1932-жыл деп жазылып калыптыр» деп. 32-жыл менен эсептегенде, быйыл 14-январда 90 жашка толду. Улуу акыныбыздын 50 жашка чыкканда метиркеси тууралуу жазганы бар эмеспи:

«Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө, 

Мезгил өтүп калп, чыктымбы элүүгө.

 Айтор, билбейм…, атам, энем өлбөсө, 

Айтып бермек менин жашым жөнүндө. 

 

Кайсы жылы, кайсы айда төрөлгөм,

 — Билбеймин,- дейт, сурап көрсөм жеңемден. 

Кайдан билсин, мен оозанып жатканда, 

 Он бештеги келин экен кедейген.

 

Не болсо да, жашсыз адам болобу… 

Мен өзүмдү байкап көрүп оболу, 

Болжоп туруп коюп алгам датасын, 

Же төмөндүр, же кеткендир жогору. 

 

Чынбы, калппы, чыктым эми элүүгө,

Кайтты жаштык, калдыэлеси көӊүлдө.

Уул үйлөнтүп, кыз узатып үйүмдөн,

Неберем  бар, кайнатамын келинге.

 

Менин бактым, менин баркым элимде,

Мен даярмын элиме иштеп берүүгө.

Карт акын – деп айтса дагы кай бирөө,

Халтурщик – деп айтпаса экен өмүрдө.

 

Кана эмесе, эр ортону элүү жаш,

Кайра келбейт мен өткөргөн элүү жаз.

Алтымышка аттангыча бир болуп,

Аз сүйдүрүп, көп жаздырып көӊүлдү ач!»

Акындын алгачкы ырлар жыйнагы 1952-жылы «Шумкар» аталыш менен жарык көргөн. Бир топ ырлары орус тилине которулган. 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу китеби чыгып, калбай калган. Мына дал ушул китебин бүгүн бизге уулу Бахтияр эки таӊгак ала келип, белек кылды» деп сөзүн аяктады…  

Кийинки кепти улаган ушул китепкананын Мекен таануу бөлүмүнүн башчысы Асел Абыкова да Байдылда Сарногоевдин китептери тууралуу кыскача баяндама жасады. Ал «Досторума» (1955), «Бала мерген» (1956), «Баяс» (ыр түрүндөгү поэма) (1956), «Ак калпак» (1961), «Тоолор жана тоолуктар» (1966), «Үзүлбөгөн үмүттөр» (1968), «Сүйлөшүү» (1970), «Менин батпас күнүм» (1972), «Ашуудан берген отчөтум» (1982), «Таалай өлбөйт» (1982) жана башка жыйырмадан ашык китептери басылып чыкканын айтты. 

Китепкананын коомчулук менен иштөө адиси Ализа Байсейитова, китепканачы Акимаалы кызы Айзада, М.Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайдын студенттери, Кара-Кулжа коомдук бирикмесинин чыгармачыл жаштары акындын ырларын көркөм окуп, обондуу ырларын комуз, аккордеон, гитара коштоосунда жандуу үн менен ырдап беришти. “Атын атаса, куту сүйүнөт” дегендей, ыр окуп, үндөрү да уккулуктуу экен, ырдап көңүл кушубузду көкөлөткөндөр Байыш Эгембердиев, Назар Жумагулов, Токтосун уулу Байбоосун, Элхан Темирбеков, Латипжан кызы Фатима Нурмамат кызы Ранат деген жаштарыбыз болду. Алгач эле учурунда эл оозунан түшпөгөн айтылуу «Ак чыны» ыры ырдалды. 

АК ЧЫНЫ 

Сөзү: Байдылда Сарногоевдики

Обону: Бакай Нишараповдуку

Чаңкыганда чай ичкин деп сен мага 

Белек кылып берген элең жаш сулуу. 

Колдон түшүп сынып калды кокустан, ай, 

Атаганат өмүрүнүн аздыгы.

 

 Ак чыны, ай, ак чыны, 

Атаганат өмүрүнүн аздыгы. 

 

Ошол күнү чыны жатты быркырап, 

Ар бир сынык өз алдынча буркурап. 

Сен сынсаң да, сени сунган перизат ай, 

Жашаса экен жары менен ынтымак. 

 

Ак чыны, ай, ак чыны, 

Жашаса экен жары менен ынтымак. 

 

Кош бол эми, кооз гүлдүү ак чыны, 

Сага жетпейт чынылардын актыгы.

Сен сынсаң да сени сунган перизат ай, 

Жашаса экен жары менен бактылуу.

 

Ак чыны, ай, ак чыны, 

Жашаса экен жары менен бактылуу.

Сөз ыңгайы келип турганда, айта кетпесек болбос. Азыр бул ырды ырчы Айбек Касымов аткарып жүрөт. Ютуб канал да ачып, жайгаштырган. Бирок, сөзүн жазган да, обонун тапкан да авторлор аталган эмес. Болгону «Айбек Касымов. Ак чыны» деп гана жазылып турат. Υлкөн акындарыбызды “сиздер кимсиздер” дегендей басымдуу жаштарыбыз ырды чыгарган да, обонун жазган да, ырдаган да Айбек Касымов деп жүрүшөт. Мындай бир эле көрүнүш эмес, соңку учурда авторлорун атабай, алардын табылгасын “өз өнөр шыбагасына” киргизип алмай жаман адатка айланып баратат. Эскерүү кечесинде ушул сөз козголуп, жаш ырчыларга: «Аткарганда, кайсы бир жакка жайгаштырганда ырдын автору, обончунун аты-жөндөрүн атай жүргүлө!» деп күмүш сырга кылып насаат кеп айтылды… Өнөр ырыскысын баалагандар угушат чыгар…

Айтмакчы, калыстык үчүн айтып коелу, Айбек Касымовдун айрым басылмаларга берген маектеринде “Ак чынын” авторлорун атап, урматтоо менен сөз кылганы бар…

Меӊди МАМАЗАИРОВА: «Байдылда Сарногоев чачты артка тараган, галстук тагынган татынакай жигит болчу…»

“Ак чыны” ыры ырдалгандан кийинки сөз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракуновго берилди эле, ал: «Мен Эл акындары турганда, алардан мурда озунуп сүйлөй албайм. Бул адамдар Байдылда Сарногоев менен чогуу иштеп, чогуу жүрүп калган залкар инсандар» деп улуулата сөз кезегин Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбековго берди эле, ал киши «кыздын кырк чачы улуу» деп сөздү Кыргыз Эл акыны, маркум Жолон Мамытовдун жубайы Меӊди Мамазаирова эжебизге узатты. Меӊди эже: «Сиздер аттан түшүп, мени атка мингизгендей эле кылдыӊыздар» деп ыраазычылыгын билдирип, «жаштар, улуу муундан үлгү алгыла!» деп эскертип, Жазуучулар Союзуна жаш кезинде келип, не деген дөө-шаа акын-жазуучуларды көрүп, алардан кандай үлгү алганын айтып буларды эскерди:

— 60-жылдын июль айы эле. Кыргызстандагы көрүнүктүү жазуучу, драматург, прозаик Шүкүрбек Бейшеналиевди борбор калаага издеп келдим. Анда ал кишинин «Кычан», «Тоо койнунда гүл» аттуу китептерин жаздык башына коюп окуп, атын укканбыз. Чыгармачылыгына таасирленип, Жазуучулар Союзуна ыраазычылык кат жазчубуз. Мындай залкар адамды телевизордон эле көрбөсөк, жакындан көргөн эмеспиз да. Байдылда Сарногоевди да мен биринчи жолу Жазуучулар Союзуна Шүкүрбек Бейшеналиевди издеп келгенде көрдүм. Андан кийин Жолон Мамытовго турмушка чыктым. 1971-жылы Жазуучулар Союзунун пленуму болуп калды. Ага катышууга Жолон экөөбүз келгенбиз. Ал алгач Байдылда Сарногевге жолуга турганын айтты.

Ал аӊгыча эле алдыбыздан чачты артка тараган, костюм-шым кийип, галстук тагынган татынакай жигит чыга калды. Дал ушул сүрөттөгүдөй сулуу болчу…

Жолон экөө кучакташып көрүшүп, ал-жайды сурашып калды. Байдылданын авторитети күчтүү эле, бирок, бой көтөргөн жок, жөнөкөй болчу. Сөзү курч, калеми курч болчу. Эсимде, «Кыргыздын аялдары майдаланып кетти. Манас, Семетей, Сейтек төрөп берген аял жок» деп жазганы… Мына, Манас, Чыӊгыз Айтматов, Байдылда Сарногоев, эки жагымда отурган Надырбек Алымбеков, Анатай Өмүрканов да ыйык, касиеттүү жер Таластан чыккан. Ушундай таланттуу адамдарды берген Кудайга ыраазымын. Мындай залкар, тарыхый инсандарды билүү үчүн, көкүрөктү байытуу, жарытуу үчүн акын-жазуучулардын китебин окуш керек! Китеп окугула, жаштар!» деп, «Аймаран» аттуу китебин китепкананын жетекчисине белек кылды.

Надырбек АЛЫМБЕКОВ: «Байдыкемдей батаны ажы да, муфтий да бере албайт»

Андан кийин Надырбек Алымбеков сөз сүйлөп, буларды эскерди:

— Атагы алыска кеткен Байдылда Сарногоев кадыр-барктуу киши эле. Аны менен жолугам деген адамдардын көбү мага келчү. Анан мен аларды үйүнө алып барып жолуктурчумун. Кийин бутунан жабыркап, 14 жыл үйдөн чыкпай калды. Ошондо да эл үйүнөн үзүлгөн жок. Ошол учурда ар кайсы жактан жолугууга келгендер, мамлекет акча берип турду. Мына, карагылачы, кандай киши. Акчаны да берчү кишиге беришет. Мына, мен оорудум, «дарыланып ал» деп мага куда-сөөк, туугандардан башка эч ким акча берген жок. Былтыр куураган ковид илдетине чалдыктым. Ал эс-тутумду начарлатат экен. Эс-тутумум жакшы кезде Байдылда Сарногоевдин ырларын көбүн жатка билчү элем. 

«Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,  

Колунда койкоңдогон калам сабы. 

Энекем эптеп төрөп койсо керек, 

Кыргыздын көбөйсүн деп адам саны» деген эле ыры жадымда калды. Батаны укмуш берчү. Мен ажылык сапарга аттанып жатканда Байдылда агамдан бата алайын деп үйүнө барып калдым. Эми андай батаны ажы да, муфтий да бере албайт. 10 мүнөт куюлушкан ыр менен бата берген. Ошол агамдын батасы менен агарып-көгөрдүм, Кудай берген жашта жашап келатам. Мен дагы кур келген жокмун. 10 томдук китептеримди ала келип, китепкананын жетекчиси Дандыбаева Гүлсайрага тапшырдым. 

Өктөм МАМАЕВА: «Байдыкем «Өзгөндүн күрүчүндөй, Жакшы аттын жүрүшүндөй…» дептир…»

Андан соӊ сөз Анатай Өмүркановго берилди эле, «Мен сыйлаган, урматтаган айым» деп акын Өктөм Мамаевага узатты. 

— Мен залкар акын Байдылда Сарногоевди телевизордон эле көрбөсөм, жакындан жанынан көргөн эмесмин. Анда мен анда-мында ыр жаза калып жүргөн кезим эле. Профсоюзда төрайым болуп иштечүмүн. Ошондо бир кыз: «Тигинде Байдылда Сарногоев турат» деп калды, койчу деп ишенбей, аны урушуп койдум. Бир жолу автобуска чогуу түшүп калдык. «Каерден болот экен?» деп сураптыр мени. «Бул Өктөм, Өзгөндөн” десе, дароо:

«Ошондой Өзгөндүн күрүчүндөй, 

Жакшы аттын жүрүшүндөй» дептир. Ошол ырын укканда Байдылда Сарногоев экенин билдим. Мындай залкар адамды эскерип турган эӊ жакшы жөрөлгө» деп сөзүн аяктады. 

«Мидинге катын» окуган студент кыз ыйлатты…

Байдылда Сарногоевдин 194 куплеттен турган «Мидинге кат» сатиралык поэмасынын 12 куплетин 1-курстун студенти Лапитжан кызы Фатима кызы келиштире, көркүнө чыгара көркөм окуп, баарыбызды бир шыпшынтып ыйлатып да алды… Сиздерде кандай сезимдер болот, окуп көрүңүздөрчү…

Мидинге кат

Билинбей кетти кабарың, 

Мидике кандай абалың? 

Бир топ жыл бирге татканбыз.

Бул жактын тамак-шарабын, 

 

Бир жүргөн кезди эстесем 

Бүркөлөт ачык кабагым. 

Башта бар дечи бир өлүм… 

Баардыгын жакшы билемин. 

 

Эргиген мөлтүр таланттан, 

Эл үзбөйт тура күдөрүн… 

Жалдырап карайм мүрзөңдү, 

Жайлуубу жаткан түнөгүң? 

 

Капканы кармап өлүмдүн, 

Калдайган элден бөлүндүң.

Куюн, жел жетпес, курч туяк, 

Кулуну элең элиңдин. 

 

Кадырын билет кары- жаш 

Кара мурч кошкон кебиңдин. 

Ишенсек молдо сөзүнө, 

Имерип элди өзүнө, 

 

«Чын дүйнө, жалган дүйңө» деп, 

Эркинче бөлөт экиге. 

Чын болсо бейкут бейиш жай, 

Көрүнгөн чыгаар көзүңө! 

 

Акыл-ой бирге, жай бирге, 

Акындар элек жан бирге. 

Аз-көппү көппү көргөн-билгениң, 

Айтпайсың байке ар кимге… 

 

Барган бар, келген киши жок, 

Бар бекен деги ал дүйнө?

Тамчы суу болдуң көр үчүн, 

Таланттан бүткөн деңизим.

 

Сопунун сөзү чын болсо, 

Соо койгон жоктур сени тим. 

Толуктап айтчы ал жактын, 

«Тозогу» менен «Бейишин». 

 

Кылдан да ичке немеби, 

Кыл көпүрө дегени? 

Болбосо цирктен биз көргөн, 

Зым аркандай элеби? 

 

Зыярат кылган пенделер, 

Шыр өтүп кете береби?

Кураны түшкө кирбеген, 

Кудайды барктап сүйбөгөн, 

 

Көпүрө эмес, ипичке, 

Чоң жолдон баса билбеген, 

Кантти экен кайран Мидикем, 

Кайгыра берем күндө мен. 

Бул ырды кыраатын келтирип,  жүрөккө жеткирип ыйлаткан Фатиманын коӊур үнүн чынында угуп отургандын баары жактырды. Меӊди эже чакырып, билим алып жаткан жайын сурап, батасын берди. 

Анатай ӨМΥРКАНОВ: «Байдыкемдин сүрөттөрү менен сүйлөшөм..»

Анатай агабыз Байдылда Сарногоевдин тарыхый сүрөттөрүн ала келиптир. Жөн эле көрсөтүп койбой, ал сүрөттөрдү сүйлөттү… Алгач аталаш бир тууганы Зейнеп апанын сүрөтүн көрсөтүп, Байдылда Сарногоевдин акын болуп калышына дал ушул адам түрткү болгонун айтты. Байдыкени шаарга алып келип, Аалы Токомбаевге жолуктурган экен. Бул учур «Көк-Арык» деген ырында да жазылган:

«Союзга барсак топ киши,

Салам айттым баарына.

Көпчүлүгү көз салат, 

Көйнөк, шымдын таарына.

«Жол жүрүп келген баламын,

Жолуксам,- деди, — Аалыга».

Ак саргыл киши балкайган,

«Атыӊыз ким» деп тергеди.

«Арызыӊыз болсо айтыӊыз, 

Аалы деген мен» деди.

Жылуу сөз мындай укпагам,

Жүн чыгып башка көргөнү. 

Аптыкпай кайрат жыйдым да,

Айтылчу сөздү бек айттым: 

«Талантым ташып чыдайтпай

Таластан келдим» — деп айттым.

Жебиреп улам кайталап,

Жетимдик жагым көп айттым.

Олтурду жаӊкы кишилер,

«оку» деп жазган ырымды.

Шыдырата баштадым

Шыр тартып коюп мурунду.

Бирдеме чыгат мындан деп,

Бир тобу мага бурулду» 

Акын көп, бирок, Байдыкемдей акын бирөө эле. Баарыбызга, анын ичинде мага устат болду. Байдыкем тууралуу сөз көп. Менде сүрөттөрү көп, ушул сүрөттөрү менен сүйлөшөм. Ошол жылдарды эстейм. Ырларын эстейм. Кыргыз элине, кыргыз тилине күйгөн адам болчу. Улуу муунду эстеп, акын-жазуучуларды сыйлап, жашоодон ырахат алалы» деп сөзүн бүтүрдү.

Бахтияр САРНОГОЕВ: «Мурдуӊ барбайып атаӊа аябай окшош экенсиӊ» дешип…»

Эскерүү иш-чаранын соңунда Байдылда Сарногоевдин уулу Бахтияр байке чыгып, Эл акындарына, уюштуруучуларга, урматтап-сыйлап келип берген көрүүчүлөргө жана атасынын ырын көркөм окуган, ырдаган студенттерге үй-бүлөсү жана өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип, өзүнө байланыштуу окуядан кеп кылып, атасынын кадыр-баркы менен университетти жакшы аяктаганын айтып берди:

— Мен университетте окуп жүргөндө, лекцияда отурсак, эшик тыкылдап мени бирөөлөр чакырып калышты. Чыксам, бейтааныш эки жигит турат. Бири: «Мурдуӊ барбайып атаӊ Байдылда Сарногоевге аябай окшош экенсиӊ» деп калды. “Мени атайып чакырып, ушуну айтат белеӊер?» деп таарынып кетип баратсам, бири токтотуп: «Биз ушул жерде мугалим болуп иштейбиз. Сенин атаӊдын «Ашуудан берген отчетум» аттуу китебине жетпей калдык. Калбай калыптыр. Экини алып келип берсеӊ»,- деп суранышты. Эртеси эле атама кол тамгасын койдуруп, агайларга эки китеп алып келип бердим.

Атамдын кадыр-баркынын бийиктигин, ырлары курч, сөздөрү мурч экендигин айтып өттүӊүздөр. Ыраазымын. Атама арналган адабий эскерүү кеченинин аталышын «Кыргыз деп келгем дүйнөгө» деп атапсыздар. Эӊ жакшы. Биз дагы:

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,

Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн» деп айкелинин бетине жаздырып койгонбуз, — деп сөзүн бүтүргөн Бахтияр байке, Ажы апа менен студенттер аябай сүрөткө түшүшүп, Ажы ападан кайра-кайра бата алышты. Апабыз: “Дүйнөдө согуш болбосун, тынчтык болсун! Кыргызстаныбызда биримдик, ынтымак болсун. Китеп окугула, айланайын балдарым» деп ак батасын берди. 

Апа экөөбүз сыртка чыгып баратып, Сүймөнкул Чокморов көчөсүндө такси күтүп туруп калып, “Сүймөнкүл Чокморов дагы түбү таластык да. Ушундай залкардын аты-жөнү бир бар болуп, кайра жоголгон үзүл-кесил көчөгө коюлуп калганы, ай. Чоӊ көчө ушундай залкардын адамдардын атынан коюлбаганына жаман болосуӊ да… Эми ушундай иш-чаралар өтүп, эскерилип турганына да шүгүр. Байдылда Сарногоев бүгүн ордунан бир оодарылып алгандыр. Жаткан  жери жайлуу болсун!” деп узадык… 

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

One thought on “Байдылда Сарногоевдин 194 куплеттен турган «Мидинге кат» сатиралык поэмасын студент окуп ыйлатты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.