МЭРИЯ: «Тазалык сактабаган курулуш компанияларына 13 миң сом айып пул салынды»

МЭРИЯ: «Тазалык сактабаган курулуш компанияларына 13 миң сом айып пул салынды»
Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотуу улантылып жатканын Бишкек Мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык “Озтопарк” (“KG Групп” курулуш компаниясы), “Чүй Батыш Курулуш”, «Фрунзенец» монтаждоо кооперативи жана «Еврострой инвест» курулуш компанияларына 13 миң сомдук өлчөмдө айып пул салынды.
Жолду бузгандыгы үчүн 177-берененин 1-бөлүгү боюнча Жибек-Жолу көчөсүнүн тургуну 5 миң 500 сом өлчөмүндө жоопкерчилик тартат. Ушул эле берененин 2-бөлүгү менен 7 миң 500 сомго топуракты ташып чыгуу эрежесин бузгандыгы үчүн Анкара көчөсүнүн тургуну Болотбек у.Э.га айып салынды.
179-берененин 1-бөлүгүнө ылайык көрнөк-жарнактарды мыйзамсыз орноткондугу үчүн «Филос» жана «Тил академиясы» окуу борборлору жоопкерчиликке тартылат. Айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом.
Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланыштуу кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:
— Свердлов району боюнча: 0551551745;
— Октябрь району боюнча: 0505523832;
— Биринчи май району боюнча: 0555404818;
— Ленин району боюнча: 0554222213.
Бишкек Мэриясынын басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.