Кыргызпатенттин кызматкерлери Боз-Бөлтөк тоосуна көчөт отургузушту

Кыргызпатенттин кызматкерлери Боз-Бөлтөк тоосуна көчөт отургузушту
Бүгүн, 16-апрелде Кыргызпатенттин кызматкерлери ишембилик өткөрүшүп, Бишкек шаарынан 3 – 6 км алыстыкта (түштүк-батышта) жайгашкан, Байтиктеги Боз-Бөлтөк тоосуна 600дөй көчөт отургузушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан ишке киргизилген «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлдү. Бул демилге өлкөбүздү жашылдандырууга көмөктөшүп, климаттын өзгөрүшүн алдын алуу менен жарандардын көңүлүн жаратылышты сактоонун маанилүүлүгүнө бурат.

Жашылдандыруу Жарлык. «Жашыл Мурас» демилгеси…

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров ушул жылдын 3-февралында «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, Ош шаарынын аймагына 10 миң түп павловния көчөтү отургузулуп, эстафета Бишкек шаарына узатылган. «Жашыл Мурас» демилгесинин негизинде, Бишкектеги Октябрь жана Биринчи май райондорунда 812ге жакын жаш көчөттөр отургузулду.
Токой ресурстарын туруктуу башкаруу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиевдин айтымында, көчөт отургузуу апрелдин аягы аяктайт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.