“Тазалык” кызматкерлери мэр Эмилбек Абдыкадыровго жолуккандан кийин ишке чыгышты…

“Тазалык” кызматкерлери мэр Эмилбек Абдыкадыровго жолуккандан кийин ишке чыгышты…

Бүгүн, 16-апрелде, мэр Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык мэрияга караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине жолукканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, эртең менен мэр аталган ишкананын кызматкерлери менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жолугушуудан кийин кызматкерлер ишке чыгышкан.

Эске сала кетсек, кечээ, 15-апрелде аталган ишкананын кызматкерлери митингге чыгып, иш таштоо аракетин кылышкан. Алар жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылып, айлык акынын кечиктирилиши, унааларды оңдоону каржылоо маселесин көтөрүшкөн.  «Тазалыкка» былтыр жыл аягында жетекчи болуп келген Азат Сагынов бул маселе боюнча азырынча үн ката элек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.