Журналист Асыл Аппасова жоголгон 12 000 $ окуянын чоо-жайын айтып, шектүүнүн атын атады

Журналист Асыл Аппасова жоголгон 12 000 $ окуянын чоо-жайын айтып, шектүүнүн атын атады
Белгилүү журналист Асыл Аппасова «Фейсбуктагы» баракчасына шек санаган Мээрим Асылташева аттуу кыздын сүрөтүн жайгаштырып, «Шаттык» бий ансамблинин жетекчиси Сырга Жапаровна ушул кызга алданып калганы тууралуу төмөндөгүдөй пост калтырды:
Сүрөттөгү кыз Мээрим Асылташева
Ленин районунун 1-ГОМуна барып келдим. Барганда ал жакта Сырга Жапаровна, Эрик Вильданович жана «Шаттыктагы» балдардын ата-энелери бар экен. Мындай болуптур: «Шаттык» тобу Турцияга фестивалга чакыруу алышыптыр. Эртең жекшембиден, дүйшөмбүгө караган түнү учмак экен. Сырга Жапаровнага балдардын ата-энелеринен жол кирени төлөгөнгө акча чогултуп, аны ИП Асылташева Мээримге алып барып 12 000 $ төлөйт. Бул частный экен. Эч кандай жамандык ойлобой, бейкапар төлөп коет. Анткени 30 жылдан бери Сырга Латыповалар «жылына 5-6 жолу чет жактарга поездкага чыгып, жамандык оюм деле болгон жок»,-дейт. Акчаны төлөгөндөн кийин Асылташева Мээрим Сырга Жапаровнадан чекти сурайт: «Бериңизчи, сверка кылайын»деп. Сырга колундагы чекти берип коет. Аңгыча Мээрим Асылташева эшикке чуркап чыгат. Эшикке чыгып кайра келгенде чек да жок, акча да жок, билет да жок болуп чыгат. Ошол жерден ызылдашып кетишет да, милицияга чалышат. Биз барганда 3-4 агенствонун кызматкерлери чогулуп калыптыр. Көп нерсе подозрение калтырды. Мээрим Асылташеванын 2 фамилиясы бар экенин, Эрик Вильданович айтты. Бул агенствонун офисинин ичинде видеонаблюдение да жок экен. Сырга Жапаровна заявление жазды, эми укук коргоо органдары так териштирет деген үмүтүбүз бар.
Р.S. Эрик Вильданович менен Сырга Жапаровналар так адамдар. Бирөөнүн бир тыйынын ашыкча албайт. Мен тиги Мээрим Асылташевадан подозрение кылып атам. Балээнин баары ошол жакта го дейм.
Асыл АППАСОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.