Коргоо министрлиги 9-майда «Ала-Тоо» аянтында аскердик парад болбой турганын билдирди

Коргоо министрлиги 9-майда «Ала-Тоо» аянтында аскердик парад болбой турганын билдирди

Коргоо министрлиги 9-майда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында аскердик парад болбой турганын билдирди. Жеңиш күнүндө митинг-реквием өтөт жана «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулат.

Буга чейин Казакстан бийлиги да быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тарткан.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда былтыр дагы 9-майда митинг-реквием өтүп, ага президент Садыр Жапаров баштаган мурдагы жана учурдагы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюлуп, согушта курман болгондор бир мүнөт аза күтүү менен эскерилген. Коронавирус пандемиясынан улам, 2020-жылы да 9-майда аскердик парад уюштурулган эмес.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.