Курманжан Датканын, Толгонайдын ролун аткарган Кыргыз Эл артисти Айтажи Шабданова каза болду

Курманжан Датканын, Толгонайдын ролун аткарган Кыргыз Эл артисти Айтажи Шабданова каза болду
Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын актрисасы, Кыргыз Эл артисти Айтажи Шабданова 75 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маркум өмүрүн кыргыз, өзбек маданиятын, театр искусствосун өнүктүрүүгө арнаган. Ал өмүрүнүн акырына чейин театрда талбай эмгектенген. Жаш кезинен эле театрга кызыгып,  С.М.Киров атындагы (азыркы Бабур театры) Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрына 14 жашында келген. Кыргыз, өзбек, казак, тажик, азербайжан, уйгур тилдеринде ырларды аткарып, мыкты образдарды жараткан. Бабур театрынын сахнасында Курманжан Датка (С.Раев. «Канышанын көз жашы»), Биби Ханум (Ж.Садыков «Бабур»), Толгонай (Ч.Айтматов «Саманчынын жолу»), Адалат (С.Абдулла «Адалат») сыяктуу бир топ образдары жогорку чеберчиликте аткарган. Ал кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон эмгеги үчүн Кыргыз Республикасында эмгек сиңирген артисти, 1980-жылы Кыргыз Эл артисти, 1999-жылы «Даңк» ордени менен сыйланган.
1946-жылдын 16-июнунда Ош облусунун Араван районунда туулган Айтажи Шабданова 1980-жылы Островский атындагы Ташкент театр институнун музыкалык драма артисти факультетин аяктаган.
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.