Министр Азамат Жаманкулов «Кузнечная крепость» жайы менен таанышты

Министр Азамат Жаманкулов «Кузнечная крепость» жайы менен таанышты
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Бишкек шаарындагы Жибек Жолу менен Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк-чыгышында жайгашкан «Кузнечная Крепость» археологиялык эстелиги менен таанышты.
Бул жерде VII-VIII кылымдарга таандык тарыхый маалыматтарда Джул деп көрсөтүлгөн конуш болгон. Конуш орто кылымдардагы Жибек Жолунун боюнда жайгашкан. Аталган жай республикалык маанидеги тарыхый маданий мааниси бар Мамлекеттик тизмеге кирген.
Азыркы учурда чеп 6 гектар жерди ээлеп, айланасы жаңы курулуштар менен курчалган.
Бул аймак XX кылымдын орто ченинде жергиликтүү эл жигердүү отурукташа баштаган. Азыр жеке үйлөр салынып, Чептен маданий катмары сакталган дөбө гана калган.
Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.