Насбүбү ЭГЕМБЕРДИЕВА: «Жолдошум Жолдошбек басма сөз кызматында көп шакирттерди даярдаган» (Архив)

Насбүбү ЭГЕМБЕРДИЕВА: «Жолдошум Жолдошбек басма сөз кызматында көп шакирттерди даярдаган» (Архив)
Бүгүн, 18-апрелде ИИМдин Басма сөз кызматынын түзүлгөнүнө 38 жыл болду. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымат жарыялады. Алардын айтымында, бүгүнкү иш-чарага ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, ИИМдин Басма сөз кызматы башкы башкармалыгынын өздүк курамы катышкан. Ниязбеков кызматкерлерди куттуктап, борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине сыйлык тапшырды.

Тарыхы…

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ИИМдин Басма сөз кызматынын тарыхы 1984-жылдын 18-апрелинде башталган. Агезде Ички иштер министрлигинин тутумунда өз алдынча бөлүм катары пресс-бюро түзүлгөн. Басма сөз кызматын өз учурунда Виктор Ярцев, Эдил Искаков, Жолдошбек Бузурманкулов, Нурдин Жангараев, Аида Бакирова, Руслан Умарбеков, Бакыт Сеитов, Рахматулло Ахмедов, Гүлсара Алиева, Эсен Салиев, Жоробай Абдраимов сыяктуу тажрыйбалуу кызматкерлер жетектеген. Узак аралыкка чейин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматын Бакыт Сеитов жетектесе, ушул жылдын март айынан бери бул бөлүмдү Тилек Оторов жетектеп келет.

Подполковник Назира Султанкулова жакшы иштеген…

ИИМге 2003-жылы келип, Басма сөз кызматында көп жыл эмгектенген подполковник Назира Султанкулова журналисттер менен жакшы кызматташкан. Ал кайсы министр келбесин, аны менен байма-бай гезиттерге интервью, эл менен түз байланыш уюштуруп берүүгө көмөктөшчү. Анан ал маек гезитке жарыяланганга чейин дыкаттык менен окуп чыкчу, ката кетип калбасын деп тынчсызданып… ИИМде кызматын ак, так аткарган Назира азыр бала менен үйдө. Назираны жана басма сөз кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, ишинтерине ийгилик каалайбыз!

Элеси эсте калган полковник Жолдошбек Бузурманкулов

Басма сөз дегенде эле, 2020-жылдын 25-ноябрында көз жумган полковник, акын, жазуучу Жолдошбек Бузурманкулов агабыз эске түшөт. Жаркылдаган жакшы киши эле…

2018-жылдын 18-апрелинде маркум жубайлар: Жолдошбек Бузурманкулов жана жеңебиз, КРнын Эл агартуусунун отличниги, КРнын Жазуучулар Союзунун мүчөсү, КУУнун эмгек сиңирген кызматкери жана эмгек сиңирген ардагери, белгилүү акын Насбүбү Эгембердиева маектештик эле. Дал Басма сөз кызматынын түптөлгөн күнүндө куттуктап, куттуу үйүнө барганбыз. Аябай кубанышкан эле…

Ошондо жеңебиз: «Учурдан пайдаланып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жүргөн өмүрлүк жарымды бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Бүгүн ИИМдин Басма сөз кызматына 34 жыл болуптур. Басма сөз кызматында жолдошум көп жыл эмгектенди, аны журналисттер силер жакшы билесиңер. Басма сөз кызматы уюштурулгандан баштап милициянын полковниги Жолдошбек Бузурманкулов ардактуу эс алууга кеткенге чейин ушул кызматта ийгиликтүү иштеп, көп балдарды-шакирттерди даярдаган«,-деген эле…

Ак сөз! Жолдошбек байкенин эмгеги эч качан унутулбайт! Эки акын тууралуу жазчу сөз али алдыда. Жаткан жериңиздер жайлуу болсун!

Назира СААЛИЕВА

PS. Жолдошбек Бузурманкуловдун архивдеги маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот. Насбүбү Эгембердиеванын маеги бу ШИЛТЕМЕде. Жолдошбек аганын «Ильястын ыры» аттуу ырынын тарыхы бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.