Аватбек ЖОЛОЕВ: «Украинада каза болгон Кара-Дыйкандык жигиттин сөөгүн туугандары күтүп жатышат»

Аватбек ЖОЛОЕВ: «Украинада каза болгон Кара-Дыйкандык жигиттин сөөгүн туугандары күтүп жатышат»

Кыргызстанда туулуп-өскөн жигит Орусия армиясынын катарында Украинада каза болгону айтылууда. Бул тууралуу Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоев «Азаттыкка» кечээ, 18-апрелде билдирген. Анын айтымында, Кара-Дыйкан айылында маркумдун туугандары сөөктү жерге берүү үчүн күтүп жатышат.  Бирок,  сөөгү  келе элек, качан келери бүгүн билинээрин айтып, каза болгон жгиттин аты-жонун айтпаптыр. «Маркумдун ата-энеси бул жакта турат. Алардын айтымында, баласы Орусияга чоңойгондо эле кетип, ал жактын жарандыгын алыптыр. Ошол жактан аскер кызматына кеткен экен.  Украинада каза болуптур деп жатышат”,-деп билдирген А.Жолоев.

Буга чейин Украинада орус аскери катары окко учкан теги кыргызстандык эки адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын бири – 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү өзү туулган Кара-Ой айылына коюлган. Экинчиси – 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтадагы ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылган. Алардын сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу жеткирилген.

Эске сала кетсек, 24-февралдан бери Орусия менен Украина согушуп жатат. Согуш башталгандан бери Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтып келе жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.