Өкмөт кагаз иштерин кыскартуудан 112 миллион сом үнөмдөлөрүн айтты

Өкмөт кагаз иштерин кыскартуудан 112 миллион сом үнөмдөлөрүн айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Алардын маалыматына караганда, бул чара учурдагы керектөөнү 50% кыскартып, өлкө казынасы жылына 112 млн. сомго жакын үнөмдөлөт.

«Акылбек Жапаров биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана экологияга келтирилген зыянды азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүү зарылдыгын баса белгиледи. Анткени бир тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет. Ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитраттар, метанол, бензол, диоксиндер жана башка заттар колдонулат», — деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Финансы министрлигине мамлекеттик органдардын кеңсе кагаздарын сатып алууга чыгымдар беренесин каржылоону кыскартуу тапшырылды.

Мамлекеттик органдар апрелден тарта электрондук документ колдонууга өтө турганы жыл башында кабарланган. Буга чейин айтылгандай, 2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкка электрондук тейлөө көрсөтүү системасын билүүсүн текшерген аттестация жүрөт.

Кыргызстанда санариптештирүү иш-чаралары бир канча жылдан бери жүрүп келет. 2019-2020-жылды Санариптештирүү жылы деп дагы жарыяланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.