Эки достун акын апасы… Айтылуу Ахунбаев барган боз үй…

Эки достун акын апасы… Айтылуу Ахунбаев барган боз үй…

Бүгүн, 20-апрель, Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, ырчы, обончу Элмирбек Иманалиев (Калил уулу) мезгилсиз дүйнөдөн өткөн күн. Дал ушул күнү ак таңдай төкмө акыныбыздын Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейитине эстелик тургузулду.

Элмирбектин туягы, комуз черткен уулу Эрулан атасынын бейитинде…

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, ЖК депутаттары Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо, Кыргыз Эл акыны Амантай Кутманалиев, коомдук-маданий, саясий ишмерлер, шакирттери, бир туугандары, жубайы, уул-кыздары (Элмирбектин артында 3 кыз, 3 уулу: Айзуура, Сезим, Жайдары, Эрулан, Адылхан, Элхан калды — авт.) катышты.

9 күндөн кийин, күйүттөн досунун артынан кеткен Зайырбек Ажыматовдун эстелиги 29-апрелде тургузулмакчы…

Базаркүл апа жоктоо ырын жазып бер деп…

Эки дос жакшы көрүп, өмүрү өткөнчө катташкан Орозалиева Базаркүл апанын 2018-жылы жарык көргөн «Арча» аттуу китеби колума тийип калды. Буга себепчи Базаркүл апанын күйөө баласы, жеке ишкер Токтосун Мадияров болду. Ал агабыздын Элмирбек Иманалиевге, дегеле «мен токтогулдукмун» деген чыгармачыл адамдардын дээрлик көбүнө демөөрчү болгонун буга чейин уккам, бирок жакындан тааныштыгым жок эле. Ээрчишип кеткен эки досту эскерип жазып калганыбызда, Токтосун мырзанын да аларды көпкө чейин жоктоп жазып жүргөнүн социалдык тармактардан окуп калып, «жакындан жакшы эле билип калдыңыз да, эскерип сүйлөп бербейсизби» деп өтүндүм. Жок деген жок, куттуу үйүнө чакырды. Барганымда, Токтосун байкебиздин ажарлуу жубайы Гүлмира эже жаркылдап тосуп алды.

Мурда сырттан билген үй-бүлө менен жакындан таанышып, байымдын «Каалгасын» белек кылдым. Эрнис Асек уулу деп окуган эже, кайын агам Мелис (Эшимканов) байке менен байымдын жазгандарын «Асаба», «Агым» гезиттеринен курч, мурч жазган макалаларын окуп, мыкты журналист болгондорун баса белгиленине аябай ичим жылыды. Жакшы сөз кандай жакшы!

Гений ага-ининин эрте кеткенине кейиди. Эрнис агасын арман кылып жүрүп, күйүттөн күйүп кеткендей, Зайырбек да ошондой тагдырга туш болгонун айтты.

Эже мага апасынын «Арча» деген ыр жыйнак китебин белек кылып, китепке баш сөздү Зайырбек Ажыматов жазганын,  Элмирбек Иманалиев апасына ыр арнаганын айтты. Эки дос аларга бир туугандай эле болуп калганын айтып, өтө жаш кетишкенин арман кылды…

«Биздикине эки дос ээрчишип да, бирден да көп келчү. Алар келгенде бизде майрам эле. Зайырбек ырын окуп, Элмирбек төгүлүп ырдап берчү. Апам аларды өз баласындай, биз бир тууганыбыздай жакшы көрчүбүз. Ушунчалык жакшы көргөн үчүн чакырылган жерге чейин ала барчубуз. Бир жолу Казакстандагы кудаларга конокко барып калдык. Элмирбекти ээрчитип алдык. (Күлүп) Казактар Элмирбекти көргөндө, кудасы болгон бизди унутуп, аны менен учурашып, ары-бери жетелеп сүрөткө түшүп жатышты. Мына, накта, алп талант! Элмирбек өз элине эле эмес, боордош элдин да сыйына, арзуусуна татыган жигит эле да!

Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Апам катуу ооруп, төшөккө жатып калып, бизге керээзин айтып коркутуп калды. Мени чакырып: «Мен жакында кетет окшойм. Элмирбекке жоктоо ырын жаздырчы, мен окуп кетейин…» деп, анан пенсиямдан деп 5 миң сомду колума карматып, «Элмирбекке берип кой, ыр жазып бергени үчүн» деди. Элмирбекке барып айтсам, чалкасынан кетти: «Коюңузчу, эже, тирүү кишиге жоктоо ырын кантип жазам? Анын үстүнө өз апамдай көргөн Базаркүл апама. Арноо ырын эле жазайын» деп, апама арнап ыр жазып берди… Анан мен апамдын кагаздагы ырларын чогултуп, компьютерге терип, ыр китеп чыгарып апамды кубантайын деп Зайырбекке баш сөзүн жаздырдым. Китеп чыкты. Апама алып бардым. Ишенесиңерби, апам кубанып, кадимкидей жакшы болуп кетпедиби»… 

Базаркүл апага

Кирди да чыкты кур дүйнө,

Кимге опоо бул дүйнө?!

Байкасам жеңген ошону,

Базаркүл апам – ыр дүйнө!

 

Таза да дүйнө, кир дүйнө,

Тагдырга болмуш бир дүйнө.

Баарысы жалган заманда,

Базаркүл апам – чын дүйнө!

 

Ташкынсыз – дайра агылбас,

Тайыбас, талбас, табылбас.

Кадырлуу апам өзүңсүң,

Калеми жөргө жаңылбас.

 

Керемет сулуу жер сонун,

Кең пейил кутман эл сонун.

Ышкысын жандын толкутуп,

Ырдаган жүрөк эң сонун!

 

Бактылуу акын апабыз,

Балдарга тийип батаңыз,

Эринбей чуркап калемиң.

Эми да көпкө жашаңыз!

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ,

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, обончу

Тирүүлүктү жазган Базаркүл АПА

Бул дүйнөдө энелердин жазган ыры эле эмес, жөн гана сүйлөп койгон сөзү да жүрөктөргө жылуулук тартуулайт. Менимче, «эне», «ыр» деген сөздөрдө кандайдыр бир окшоштук, ыйыктык бар. Ооба, «энени» эч нерсеге теңегенге болбойт деңизчи. Окшоштук бар дегени: кыргыз баласы бул дүйнөгө келгенден тарта энелердин бешик ырын эшитип. Апалардын көкүрөгөндөгү көлкүгөн мээримин ыр аркылуу туят эмеспи. Ал эми бул жарыкта өзүнүн аруу сезимин ырга салган акын энелер тууралуу кандай айта алабыз? Бул окщоштукту бирине-бири улаган асылдыкты так түшүндүрүп  берүүгө тил кудурети жетеби?

Энекелер бешик ыры менен өз баласын зор мээримге бөлөйт, көшүлтөт, мемиретет. Ал эми акын энелерчи? Албетте, акын энелер бул дүйнө бешигин терметип, жалпы адамзатка мээримин төгүп, жан бүткөнгө жакшылык каалап, адилеттикке, аруулукка чакырат. Ооба, ар бир эненин бешик ыры чын жүрөктөн, жасалмасыз, ак ниеттен ырдалгандай эле акын эненин дүйнө бешигин терметкен ырлары да чын дилден чыгат. Жасалмасыз жазылат. Колуңуздарга кармап турган китептин авторун атайын акын болоюн деп жан сабаган, даярдыктан өткөн келемгер дегенден алысмын. Ал көңүлүнө эмне туура келсе ошону жазган. Бул ак ниеттен жазылган аялуу да, энеин туурулган эмгекчил колундай карапайым, нан, от , элет жыттанган ырлар ак ниет окурмандар учун. Аны сындаганга, четке какканга, кандайдыр бир талаптарга, чектерге салганга болбойт.

Сиздерге сунушталып жаткан Базаркүл Орозалиева апабыздын элдик нукта жазылган ырларынан да биз бүткүл энелердин бешик ырындай жагымдуулукту, жумшактыкты, аруулукту, тоо булагындай таза тилектерди, жылт эткен жылуу сезимдерди көрөбүз. Касиеттүү Кетмен-Төбө өрөөнүнүн таза табияты, ак эмгектен баар тапкан электтик шайдоот турмуш элестеп, жаңы чабылган чөптүн, саалган сүттүн, жайлоонун, ата конуштун жыты келет. Кай бир ырлары окурманды тазалыкка, мээнеткечтикке, марттыкка, күйүмдүүлүккө үндөсө, айрымдары кийинки муун өкүлдөрүн ыйманга, чынчылдыкка, кайраттуулукка чакырат. Өз упактарына болгон аруу тилегин билдирет. Коомдо болуп жаткан өкүнүчтүү жагдайларды ортого салып, одоно көрүнүштөрдөн жыйынтык чыгаргыла деп суранат.

Ошо эле учурда жыйнактан Базаркүл апанын өзүнүн урпактарына, жек-жаат, жакындарына арнап жазган ырларын арбын учуратасыз. Өмүрү эмгек менен өткөн, он эки баланы тарбиялап өстүргөн Баатыр эненин эми үз урпактарына, жек-жааттарына, куда-кудагыйларына ыр арнап, өтүп жаткан окуяларды, тегерегинде болуп жаткан кайнаган турмушту жазып жатканын байкайсыз. Демек, автор ырларды асмандан алып жазбайт. Бул, нукура турмуштун өзү. Андыктан, кыргыздын Умай энедей болгон ак байбичесине таазим кылуу менен тирүүлүктүн жупуну, бирок жугумдуу бешик ырын тыңшайлы!

Зайырбек АЖЫМАТОВ,

Жолон Мамытов жана «Арча» адабий сыйлыктарынын лауреаты

Гүлмирага

Кыздарымдын периси Гүлмира,

Акылдуу, нарктуу болдуң, окудуң.

Жакшы жерден жар таптың,

Манчыркабай сыйлап күттүң дөөлөттү.

Жараткан Токон экөөңө бак берип,

Туугандарыңа жардам бердиңер.

Сообу өзүңө тийе берсин,

Үйүңөргө бакыт кушу көп конуп,

Түбөлүк учпай тура берсин,

Гүлмира, кыздарымдын төрөсүсүң.

Күлүмсүрөп жайдары жүрөсүң,

Жабыркаган бей-бечарага,

Дайыма жардам бересиң.

Сабырдуусуң, салмактуусуң.

Сенин жакшы мүнөзүң.

Жанаша өскөн арчадай

Алганың менен тең кары,

Пешенең жарык берешен.

Пейилиң кенен баарына,

Гүлмира, кыздарымдын асылысың.

2010-жыл

Токтосунга

Биринчи ак «Волганы» сен миндиң,

Керзи өтүк менен тон кийдиң.

Жүргүнчү эсен болсун деп,

Ала-Бел, Өтмөк тарапка,

Жол тазалап көп жүрдүң.

Мадияров Токтосун деп,

Таанылгансың калкыңа.

Чыгаан жигит деп,

Беттешкенин жеңет деп,

Колдоо таптың жалпыдан.

Батасын ийип элиңдин,

Бак дөөлөт конгон башыңа

Жасаган сенин иштериң,

Айтылып калат артыңда.

Ош-Бишкектин жолунда,

Ак кар кечип аралап.

Жаш чагыңда иштедиң,

Жалпы элдин уулу деп.

Эл жерге кызмат кылдым деп,

Артыңда калды издериң.

Мүңкүрөп келген адамга,

Дайыма жардам бересиң.

Көлдөй болуп толкуган,

Берешен сенин мүнөзүң.

Токтогулдун элине,

Пайдаң тийди көп эле.

Көрө албаган көп экен,

Ден соолук берсин өзүңө.

Уулу-кызың өссүн бутактап,

Небере сүйгүн кучактап.

Гүлмира менен тең кары,

Дөөлөттүү жашоо ырахат!

2014-жыл, август

Парламент

Кошоматчы, ууру-кески, байлардын,

Байырлаган жери экен – парламент.

Май талканга сатып алган далайдын,

Тамырлаган жайы экен – праламент.

 

Казынаңар куру сөзгө толбосо,

Өлкө үчүн жакшы мыйзам болбосо.

Курулай сөз, калп кыйкырып, ызы-чуу,

Калкым түгүл Кудайга да жакпайт го.

 

Ыркырашпай, ынтымакта болгула.

Алдым жуттум ач көздүктү жойгула.

Президент, депутат жана министр,

Кыргыз үчүн беш жыл иштеп койгула,

Напсиңерди кээде тыйып койгула!

Чоңдорго

Министр менен депутат,

Ден соолукка жагат деп,

Сойдуруп жейт кулун, тай,

Суусундукка ичкени,

Кымыз менен кымбат чай.

Керилип кетмен чабышат,

Тер менен акча табышат.

Кант, чай берип балдарын,

Жандарын эптеп багышат.

Айта берсең арман көп,

Чоңдордун  баары ушундай.

Карпайым калкыбыз,

Картошка жейт бышырып.

Кара суу келет оозуна,

Көп жесе эгер кызыгып.

Дыйкан камдайт баарысын,

Кере таштап арышын.

Айтканды жаман көрбөгөн,

Кебимдин айтам калысын.

Пейили кеткен байларга,

Беш сом сурап барганда,

Бербей коет жардыга.

Чакырып калса кокустан,

Барбай коет жардамга,

Калыстыктан тайбасаң,

Кадырлуусуң калкыңда.

Адилет сүйлөп так жүрсөң,

Бактуусуң жалпыга.

2014-жыл 11-август

Айтылуу Ахунбаев барган боз үй…

Гүлмира эженин айтымында, Баатыр эне, айылдын ардактуу атуулу Базаркүл апа 1931-жылы 2-мартта Токтогул райондагы Торкен айылында жарык дүйнөгө келген. Турмушка жаш чыгып, 12 баланы төрөп чоңойткон. Меймандос, берешен бул бүлөнүн үйүнө кудайы конок болуп көп атактуу адамдар келчү экен. Гүлмира эженин эсинде калганы, жайлоодогу боз үйгө айтылуу жүрөк хирургу Иса Ахунбаев үй-бүлөсү менен барып конок болуп кетишкен. Апасынын аталаш иниси, таякеси Урумкан Ындыев Иса Ахунбаев менен чогуу иштеген кардиолог-хирург болуптур…

Гүлмира эже апасынын коомдук-саясый окуяларга, жаңылыктарга байкоо салып, бардык нерседен кабардар болуп турганын, 200о-жылдан баштап «Азаттык» радиосун калтырбай угуп, кээде Базаркүл Бапиева деп ой-пикир, сынын айтып байланышка чыгып да калганын айтты. 2016-жылы Нооруз майрамына карата Бишкек шаардык мэриясы өткөргөн сүмөлөк фестивалында Ардак грамота менен да сыйланган экен. Тилекке каршы, Базаркүл апа былтыр каза болуп калган. Быйыл 23-февралда балдары ашын беришти. Апанын артында өмүр көчүн улап 50 небере, 62 чөбөрө, 4 кыбыра калды. 

Базаркүл Апанын, Мелис байкенин, байымдын, Элмирбек, Зайырбектин жаткан жерлери жайлуу болсун! Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Мугалим, акын Рахат Аманованын эскерүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.