Жогорку соттун төрагасы судья, аппарат кызматкерлери менен Кыргыз драма театрына эмнеге барды?..

Жогорку соттун төрагасы судья, аппарат кызматкерлери менен Кыргыз драма театрына эмнеге барды?..

Кыргыздын ар бир атуулунун жүрөгүндө Манас жашаш керек!

Бул күндөрү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 95-театр сезону өтүп жатат. Оңдоп-түзөө иштерине жабылган театр күйөрмандарына кайрадан эшигин кеңири ачты. Ар бир коюлган спектакль аншлаг менен өтүп жаткандыгын угуп атайын билет алып театрга бардым. Чындыгында 3 жыл ремонттон кийин ачылган театр жаркырайт. Киргенде эле драма театрдын фойесинде Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту коюлган экен. Экинчи кабатка көтөрүлгөндө драмтеатрда убагында укмуштуу ролдорду жараткан залкар инсандардын жана учурда иштеп жаткан актерлордун сүрөттөрү илинип, театрдын баскан жолу, тарых таржымалы көрүнүп турат.

Спектакль башталаарына жарым сааттай убакыт калган. Эл менен кошо сүрөт галереясын карап чыга калайын деп шаша-буша экинчи кабатка көтөрүлүп баратсам, көзүмө бир адам жылуу учурады. Бир жерден көргөнсүдөй болдум, бирок такыр эстей албай бир аз ойлонуп туруп калдым.

Жакшылап карасам, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков экен. Өзү жалгыз сүрөттөрдү карап жүргөн экен. Адатынча бийлик бутактарынын жетекчилерин көп адамдар коштоп жүрөт эле. Жакын барып учурашайын дегенче эле театрдын азыркы директору Асылбек Өзүбеков шашып басып эле жанына туруп калды. Ал киши дароо эле Жогорку соттун төрагасына театрдын тарыхы, ремонт иштери, алдыдагы пландарын айта баштады. Учурашканга мүмкүнчүлүк болбосо да, сүрөткө тартым алдым.

Анан залдан орун алдым. Баягы отургучтар жок, бардыгы жаңы, жерге төшөлгөн килемден бери жаңыртышыптыр. Эл залга жык толгон, алар театрга суусап калганын сездим, туйдум. Коомдук ишмер Аскар Салымбеков, Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова, коомдук ишмерлер, депутаттар көзүмө илинди.

Аңгыча эле залга эл менен жуурулушуп Замирбек Базарбеков кирип келип, мага жакын жерден орун алды. Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири, Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун  «Манастын уулу Семетей» драмасынын негизинде даярдалган «Төлгө» спектакли көрсөтүлмөк. Манас, театр тууралуу төраганын пикирин уккум келип, басып барып, учурашып, «өзүм журналист болом, бир-эки суроо менен кайрылсам болобу?» дегиче эле, Жогорку соттун басма сөз кызматында иштеген кыздар келип: «Байке, интервью алганга болбойт!Мындай сүйлөшөлү» деп чет жакка жетелеп жөнөштү. «Байке, өзүңүз билесиз, театр 3 жыл ремонт болуп, эми ачылды. Ремонт иштерине мамлекеттик бюджеттен бир топ эле каражат кетиптир. Азыр ар бир сатылган билет театрга чоң жардам болот эмеспи. Замирбек Базарбеков, биринчиден, театрды колдоп жардам болсун деп, экинчиден, көптөн бери театрга бара электигин айтып атайын келди. Бул жерге бир гана төрага эмес, Жогорку соттун судьялары, аппарат кызматкерлери болуп 80ге жакын адам келишти. Анын үстүнө төрага спектаклга келгенин эч жакта чагылдырылбасын деп тапшырма берген эле, туура түшүнүңүз. Ошондуктан интервью бере албайт» деп түшүндүрүштү.

Кыздар айтып бүткүчө эле жарыктар өчүп, караңгы болуп калды. Ордума дароо жөнөдүм. Көшөгө ачылып манас айтылып, спектакль башталды. Спектакль тууралуу айтсам, бул өзүнчө кеп.

Театр сүйүүчүлөргө айтаарым, келип сөзсүз көрүшүңүздөр керек. Жалил Садыков «Манастын уулу Семетей» драмасына жаңы дем бергени көрүнүп турат. Кыргыздын ар бир атуулунун жүрөгүндө Манас жашаш керек. Кыргыз элинин руханий байлыктарынын туу чокусу — улуу «Манас» эпосу. «Манастын уулу Семетей» дал ушул үч илтиктин эң көлөмдүү бөлүгү.

Алмаз МАМБЕТЖАН уулу

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.