Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга климатка туруктуу суу кызматын жакшыртуу долбооруна 100 миллион доллар бөлө турганын билдирди. Мындай маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды. Анда Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова макулдашууга 19-апрелде кол койгону жазылган. «Бул долбоорду каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аркылуу өтө жеңилдетилген шарттарда берилет. Каржылоонун жарымы кайтарымсыз грант түрүндө, калганы 0,75% административдик төлөм менен кредит, аны төлөө мөөнөтү 38 жылга, алты жылдык жеңилдетилген мөөнөткө берилет», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Дүйнөлүк банктын Баткен облусун өнүктүрүү долбооруна 50 млн. доллар бөлө турганы айтылган. Ушул күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтондо жумушчу сапар менен жүрөт. Ал жумушчу сапарынын алкагында, Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышат, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Өкмөт сапардын алкагында экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу, кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелер талкууланарын билдирген.

Буга чейин Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн. доллар бере турганы айтылган. Анын жарымы жардам, калган бөлүгү насыя түрүндө берилет. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында насыянын пайыздык чени 0,75% түзө турганын айткан.

Салиима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.