Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Финалда япониялык Нонока Озаки менен күрөшөт

Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Финалда япониялык Нонока Озаки менен күрөшөт

Бүгүн, 22-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын төрт жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмактагылар менен күч сынашып, финалга чыкты! Алгач ал монголиялык Хонгорзул Болдсайхан менен беттешип, 7:3 эсебинде утуп алды. Жарым финалда өзбекстандык Набира Эсенбаева менен беттешип, 6:0 эсебинде таза жеңди. Финалда япониялык Нонока Озаки менен күрөшөт. Таймаш Бишкек убактысы боюнча, саат 16:00дө башталат.

Айсулууга ийгилик жана жеңиш каалайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.