Бүгүн балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова күч сынашат… Дүйнөнү суктандырган сальто…

Бүгүн балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова күч сынашат… Дүйнөнү суктандырган сальто…

Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Таймаш 24-апрелде аяктайт. Бүгүн, 22-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын төрт жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмактагылар менен күч сынашат. Ийгилик каалайбыз!

Кыргызстандык балбандарыбыз…

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматына караганда, кечээ, 21-апрелде 23 жашатагы балбан кызыбыз Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда жапониялык Юка Кагамини 5:3 эсебинде утуп, алтын медал тагынды. Дагы балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта финалда күрөшүп, күмүш медалга ээ болду.

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча балбан балдарыбыз Тынар Шаршенбеков (63 кг.), Акжол Махмудов (77 кг.) жана Жоламан Шаршенбеков (60 кг.) алтын медаль, Роман Ким (130 кг.), Адилхан Нурланбеков (72 кг.), Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынды.

Дүйнөнү суктандырган сальто

«Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттешинин мыктылары», — деген жазуу менен Дүйнөлүк күрөш уюму 10 сүрөт жарыялады. Анын бири — Жоламан Шаршенбековдун суктанаарлык сальтосу…
Сальто жасаган балбаныбыз спорттук карьерасында биринчи жолу Азия чемпиону болду. Ал финалда ирандык Мехди Мохсен Нежад менен беттешип, 4:0 эсебинде жеңип алган. Ошол жеңишинен кийин, ал укмуштуудай сальто жасаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Айдай сулуу Айсулуу Тыныбекованын архивдеги кызыктуу маеги бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.