Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев 70 жашта. Министр куттуктап, үстүнө чепкен жапты

Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев 70 жашта. Министр куттуктап, үстүнө чепкен жапты
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, салттуу музыка күнү быйыл 18-ирет белгиленүүдө. 25-апрель салттуу музыка күнүнө карата, учурда Жумалык өтүүдө. Жумалыктын максаты – ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу.
Салттуу музыка жумалыгынын алкагында, Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор, төкмө акын, «Эл шайырлары» фольклордук тобунун көркөм жетекчиси Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган иш-чара, кечээ 21-апрелде Улуттук тарых музейинде болуп өттү. Иш- чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышып, куттуктап, башына калпак кийгизип, үстүнө чепкен жапты. Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов жана шакирттери катышып, куттукташты.

Замирбек Үсөнбаевдин баскан жолу…

Үсөнбаев Замирбек 1951-жылы Бишкек шаарында төрөлуп, өсүп, мектепти ийгиликтүү аяктаган. Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө, 12—13 жаштарында башталган. Эл алдына ырдап чыккан алгачкы ырлары — атасы Алымкул Үсөнбаевдин «Кыргыз элим» жана Райкан Шүкүрбековдун «Жер жөнүндөгү термеси» болгон.
Жогорку билимдүү, КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик филармониясынан баштаган. 1968-жылдан бери ушул жерде эмгектенип келет. 1991-жылдан  бери филармониядагы «Эл шайырлары» фольклордук тобун жетектейт. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда акындык өнөр боюнча сабак берген. 1990-жылдардын башында улуттук музыка, фольклор кафедрасын ачып, эл арасынан тың балдарды чогултуп акын, дастанчы, манасчыларды окутуп, шакирттерди таптаган.
Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевдер менен ырдашып, айтыш өнөрүн алга сүрөп келе жаткан акындардын бири..
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.