Рахат Керимбаева “40 райондон – 40 демилге” долбоорун Эдил Байсаловго айтып берди. Байсалов болсо…

Рахат Керимбаева “40 райондон – 40 демилге” долбоорун Эдил Байсаловго айтып берди. Байсалов болсо…

Бүгүн, 22-апрелде  КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин ишмердиги менен таанышты. Жолугушууда Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик жана инновациялык ишмердикке ишмердигине байланышкан маселелер талкууланды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызмты билдирди.

Алардын айтымында, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ведомствонун ишмердиги, анын ичинде мекеме тарабынан өлкөнүн бардык областарындагы инновациялык долбоорлорду каржылоо жана аларды илгерилетүү максатында демилгеленип жаткан “40 райондон – 40 демилге” долбоору менен тааныштырды. Мындан сырткары, “Аймактарда инновациялык борборлорду ачуу” долбоору, аймактагы мектептерде коомдук башталыштагы илимий жетекчилерди дайындоо институту тууралуу да кенен баяндап берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Эдил Байсалов маанилүү тармакта үзүрлүү эмгектенип жатканы үчүн ведомствонун кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, инновациялык ачылыштарды илгерилетүүгө басым коюуну сунуштады.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.