Шарапат апа бир ата-энени баласы эмес, кошуналары көмгөн аянычтуу окуяны айтып берди…

Бүгүн, 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Ушул күндү утурлай алигүнчө китеп окуп, өзү да, сөзү да бизге үлгү 80 жаштагы Нуралиева Шарапат апабыз менен кыска, нуска маек курдук.

Чыӊгыз Айтматов досу Абдалы Нуралиев менен

Бактыбызга жараша жакшы адамдардын арасынан таап алган каарманыбыз Шарапат Апа «бир адам — бир аалам» дегидей  адам экен. Баатыр эне, Эмгек ардагери, колунан көөрү төгүлгөн ууз, айтылуу Чыӊгыз Айтматовдун досу, Таластын Кара-Буура (мурдагы Киров) райкомунун биринчи секретары болгон Абдалы Нуралиев атабыздын байбичеси.

Шарапат апа жөө басканды жактырат. Эрте туруп, бир топ жерге чейин жөө басат. Китеп окуп, жаңылыктарды үзбөй көрөт. Акын-жазуучуларга арналган иш-чараны угуп калса, калбай барат. 5 маал намазга жыгылат. Эки жолу Сауд Арабиясындагы Мекке шаарына ажылык сапарга барып, Кааба ташын 7 айланып, Мухаммед пайгамбарыбыз (С.А.В) баскан жолдорду басып, Кара деңиз, Кызыл деңиздерди көрүп келип, сапарында болгон окуяларды эске түшүрүп айтып берди.

Шарапат апабыз маекти тынчсыздануусу, тилеги, санаасы аралашкан ак батасы менен баштады.

— Алгач мен орозо кармап жаткан адамдардын баарын Улуу Рамазан айы менен куттуктап, ниеттеринин баары кабыл болсун тилеймин. Дүйнөдө тынчтык болсун, согуш болбосун! Согуш, жаңжал дегенди кулагыбыз укпаса экен дедик эле, Баткен жактагы чек арабыз соңку убакыттарда тынч эмес, Украинада эмне деген согуш болуп жатат, ушунун баарына тынчсызданам, кейийм. Согуш эртерээк бүтүп, тынчтык орносун деп тилек кылам! Эч бир адам жамандык көрбөсүн! Балдар кичинекей кезинде:

«Ар дайым Асман болсун!
Ар дайым Күн болсун!
Ар дайым Апам болсун,
Ар дайым мен болоюн» деп ырдачу эле. Ушул саптардагы тилектер азыр зарыл болуп турат. Асманыбыз ачык болуп, күн тийип, ар дайым тынчтык болсун!
Кудай жаштарга бак берсин, бак берсе, бат берсин.
Өмүр берсин, өмүр берсе, үзбөй берсин.
Ырыс берсин, ырыс берсе, дурус берсин!
Босогоӊор бек, түндүгүӊөр бийик болсун!
Асманыӊар ачык, маӊдайыӊар жарык болсун!
Ар бир баскан изиӊерди ийгилик коштосун!
Кыргыз элимдин алтын башы аман болсун,
Кыргызстанды суук көздөн, жаман сөздөн сактасын!
Оомийин! Оомийин! Оомийин!

Шарапат апа небереси менен

Эми, кагылайын, мына мен 3 жылдан кийин, экинчи жолу Алла Тааланын кудурети менен Сауд Арабиясындагы Меккеге, ажылык сапарга аман-эсен барып келдим. Алгач 2019-жылы баргам. Анда Кыргызстанга кайтып келгенче Дилбар кызым аябай тынчсызданыптыр. Аны кийин айтты, боорукер, жароокер кызым. Бу сапар да, кагылайын балдарым жөнөтүп, чоң баламдын 37 жаштагы уулу Мырза неберем менен барып келдим. Садагаң кетейиним 5 маал намазга жыгылат. Ажылык сапар ага аябай жакты. Себеби китептен окуган ыйык жерлерге барып, көрүп, зыярат кылып келди да.

Кудайдын кудурети го, айланайын! Мен китепти көп окудум. Ошондо пайгамбарыбыздын туулган күнү 22-апрель, 570-жыл экенин окуп калдым эле. Мусулмандардын ыйык китеби – бул Куран. Куранда Мухаммед пайгамбарыбыздын айткан насааттары жана 5 парз жазылган: ыйман (келме келтирүү), намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо жана ажылыкка баруу. Кудайга шүгүр, беш парз тең аткарылды.

2019-жыл. Алгачкы жолу ажылык сапарга барган жыл.

Бул жолку ажылык сапарда бир айырмачылыкты байкадым. 2019-жылы Каабага каалаган учурда кирип, айланып чыкчубуз. Бул сапар андай болгон жок. Кааба ташын 7 жолу гана айланып калдык, Кудайдын мунусуна да чексиз шүгүр. Каабанын узундугу 13 м, туурасы 12 м, бийиктиги 15 м, пайдубалы мармардан, дубалы боз таштан тургузулганын, Чыгыш тарабына Алла Таала асмандан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо урулганын, үстүнө Курандын аяттары алтын жип менен жазылган кара жабуу жабылганын окуп, угуп келсем, анын баарын өз көзүм менен көрдүм. 6 километр бийиктикте жайгашкан Ыйык тоолорго чыгып, аны жети жолу айландык. Бардык ибадаттарды аткардык. Андан кийин Мухаммед пайгамбарыбыздын жашынган үңкүрүнө, Арафат тоосуна барып зыярат кылдык. Ал жактан чыксак, көгүчкүндөр бар экен, жем сатып алып, аларга чачтык. Мухаммед пайгамбарыбыз жүргөн жерлерди көрдүк. Араб жарым аралынын (Түштүк-Батыш Азия) аралыгында жайгашкан Кызыл деңизге бардык. Анан Кара деңизге барып, кемеге түштүк. Эки деңиздин ортосун бөлүп турган кызыл сызык бар экен…

Канча күн жүрдүңүз?

— 15 күн жүрдүк. Меккеде 13, Мадинада 3 күн болдук. Ал жерге миллиондогон эл барат да. Кыргызстандан 60 адам барганбыз. 8 гектар жердеги адамдарга бир эле араб ооз ачырып, тамак берди. Аябай ыраазы болуп, батабызды бердик. 5-мартта кеткенбиз, 20-мартта кайтып келдик. Аэропорттон гүл менен сертификат алдык. Биз менен үч ажы башчысы барган. Бизди жетектеп барган Равшан ажыга жана уул-кыздарыма рахматымды айтып, ыраазычылык билдирем.

— Жаш кездеги балдарыңызга кылган мээнетиңиз кайтып, дөөлөтүн көрүп жатыпсыз да?

— Ооба, кагылайын, дал ошондой. Жолдошум Абдалы Нуралиевге 19 жашымда турмушка чыккам. 30 жыл бирге жашап, 8 балалуу болдук. Абышкам 62 жашында каза болуп калган. Уул-кыздарымды, атасы жок дедиртпей, балдардын катарынан калтырбай окутуп, бутунан тургуздум. Мээнетим жанып, эми дөөлөтүн көрүп жатам. Кудайга шүгүр, балдарымдын, келиндеримдин баары жакшы чыкты. Неберелерим дагы ыймандуу, улууну урматтап, кичүүнү ызаттап турушат. Ыраазымын!

— «Жаман чыкса келиниң өз балаңа өгөйсүң, жакшы чыкса келиниң уулуңду кайра төрөйсүң» деп бала тарбиясын, дээрин, ыйман-табиятын камтып койгон кыргыздын жакшы макалы бар эмеспи. Дегеним, баланы бул жактан тарбияласаңыз, келин да башка эне тарбиясын көрүп келет да. Байкашымча, келиндериңиз да жакшы чыкса керек…

— Ак сөз, айланайын! Келиндерим текши жогорку билимдүү, ыймандуу, апалап сыйлап, ысык чайын, тамагын убагы менен берип турушат. Ушундай өткөн сый барбы?.. Салт-санааны жакшы билишет. Кайсы бир жакка барам десем, кийим-кечемден бери жөндөп камдап турушат.

— Азыр жаштар, балдар сотка пайдаланып калышты. Сиздин оюңуз кандай?

— Сотка дегениңен, бир аянычтуу болгон окуя эсиме түштү. Айтып берейин, канча бир ата-энеге, балдарга сабак болсун! «Баланы башынан» дейт го, кагылайын. Балдарды өтө эркелетип же ашыкча урушуп чүнчүтпөй туура тарбиялаш керек экен. Азыр жаштар улут деген кыртыштан алыстап, көбү китеп окубай, оокаты компьютер, сотка болуп калганы тынчсыздандырат. Эне тилин жээрип, унутуп, эс тутумдары начар, айтор, сестентип бир башкача чоңоюп жатышат. Жанагы окуя боюнча, бир профессор, окумуштуу адам жашап өттү, эми атын атабай эле коеюн, жаткан жери жайлуу болсун. Анын Марлен аттуу жалгыз баласы бар эле. Аны көзүн карап аябай эрке өстүрдү, каалаганын алып берип, сатып берип дегендей да. Орус мектепке да берип салды. Колунан сотка түшпөй чоңоет ал бала. Кулагына жанагы наушник деген немени салып алып, эч ким менен тыңгылыктуу сүйлөшпөй же аралашпай, эч нерсеге кызыкпай, ата-энесине да карабай жүрүп, үйлөнгөнгө жашы келип калганда, ата-эненин тилеги небере көрсөм дейт да, бир күнү апасы «балам, үйлөн» дейт. «Зачем?» деп, киностудияда жарык берип, өчүрүп, күйгүзүп иштечү экен, ошонусун кылып жүрө берет. Умсунган апасы күндөр зымырап өтүп каза болуп калат. Ыйлап-сыктап аны абышкасы көмөт. Небереге зар жылдар дагы агылат. Атасы балким көнөр деп: «Балам, үйлөн, мен небере жыттайын» дейт. «Ой, папа, зачем? Не надо мне дети?» деп шагын сындырып кагып коет. Атасына баласынын тоң мамилеси, сөзү катуу тийген го, бир күнү катуу ооруп калып, тез жардам чакыр десе, «У меня денег нет, где я возьму?» деп кагып,  ишине кетип калат. Атасы ошол эле күнү каза болуп калып, кошуналары киностудия жетекчилигине чалып, атасы кайтыш болгонун айтышат. Жетекчиси Марленди чакырып, «үйүңө бара бер, атаң өтүп кетиптир» деп кыргызча угузушса, нени айтып жатат деп карап калган го, орусча: «Иди домой, твой отец умер» десе, «аа, ладно» деп кетет. Келсе, кошуналары боз үй тигип, боорсок жасап жүргөн болот. Не болду, не кылам дебей, бөлмөсүнө барып, кулагына наушникти салып, музыка угуп жатып алат. Бир кошунасы кирип, «Эй, бала, бул эмнең, атаң өлүп жатса…» десе, «Теперь что делать, он же умер» деп коет дейт. Кошунасы ачуу келип, жонуна катуу бир чапса, ыйлаптыр. Кошунасы атасына ыйлады го десе, «больно же…» деп денеси ооруп калганына ыйлаптыр да. «Маңкурт» баладан үмүт үзгөн кошуналар баш чайкап,  атасын өздөрү көмүшүптүр. Мен муну эмнеге айтып жатам, кийинки муунга, баланын көзүн карап тарбиялап жаткан ата-энелерге сабак болсун деп жатам. Дээринде бар болсо, бир нерсе таасир оңолуп кетет айрым эрке балдар. Дээринде жок болсо, табиятынан мерез болсо, ал бала ата-эненин эле шору болот. Бала тарбиясы кылдаттыкты талап кылат. Азыркы жаш ата-энелер бир жаштагы баласына сотка карматып койгону бар. Алаксып турсун деп узакка берип да коюшат экен айрымдар. Бул туура эмес! Соткага байланган бала сезими жок балага айланышы бат эле. Сотканы жакшы жагына керектесе жакшы, терс жагына оосо, жакшынакай балам түнт, чарчаңкы, орой, мерез, кайдыгер балага кайдан айланды деп алакан чапканыбыз кеч болуп калат. Бекеринен аяшым алп жазуучу Чыңгыз Айтматов «маңкурт» деп жазган жок да илгери эле. Анын каарманы Сабитжандын эле түгөйлөрү болуп барат көп жаштар. Компьютер, сотка жаштардын аң-сезимин жоготуп коерун, такыр башкача чоңоерун көп байкап тынчсызданып айтып жатам. Ал темир балдарга убактылуу эле жардамчы, андан убактылуу бирдемелерди табышат, ошого таянып алышат, эптеп чүргөп тапшырманы аткарышат, анан бат эле унутушат. Мээ оорутуп кыйналгылары келбейт. Андан көрө ата-энелер да үлгү болуп китеп окушсун, телефонду жыйыштырып коюп балдар менен баарлашып сүйлөшсүн. Бала китеп окуса, мээсинде сакталып калат.  Китеп окусаң билимиң тереңдейт, аң-сезимиң өсөт. Жаштарга айтаарым, китеп окугула, кагылайындарым!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

P.S. Шарапат апа тууралуу учурда китеп жазылып жатат. Жакында окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.