Ташиевдин балдары тендерлерде утканы жана журналист Болот Темиров тууралуу президент оюн айтты…

Ташиевдин балдары тендерлерде утканы жана журналист Болот Темиров тууралуу президент оюн айтты…

Бүгүн, 25-апрелде президент Садыр Жапаров «Кабар» КУМАнын директорунун орун басары Улан Чойбековго кенен маек куруп берди. Анда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин балдарынын тендерди утуп алуусу жана журналист Болот Темировго козголгон иши тууралуу суроо болду. 

— Камчыбек Ташиевдин уулдары тендерлерде удаасы менен утканы туурасында материал чыгары менен, аны даярдаган команда өкүлү журналист Болот Темировго үч кылмыш иши ачылганы, Темировду суракка чакырып баштаганы маалым болду. Бул өч алуу же журналисттерге кысым эмеспи?

— Албетте, мен министрлер жөнүндө эле эмес, губернатор, аким, айыл өкмөттөр жөнүндө дагы чуулгандуу иштер чыкса, текшерүүгө милдеттүүмүн. Бул иш боюнча дагы териштирдим. Үч тендер өтүптүр. Биринчиси Жалал-Абад мэриясы 50 миң сомдук бензинге, экинчиси Жалал-Абад шаардык кеңеши 150 миң сом, үчүнчүсү Жалал-Абад токой чарбасы 200 миң сомго тендер жарыялашат. Текшерүүдө аныкталгандай, мындай майда суммага эч ким тендерге катышпайт. Миллиарддаган долларларга соода кылган “Газпром” катышмак беле. Анан булар май куюучу бекеттери бар “Мока” фирмасынан өздөрү тендерге катышып бергилечи деп суранышып, 67 сомдон бензин сатып алышат. Ошол эле мезгилде май куюучу бекеттерде 69 сомдон сатылып турат. Эгер бул баадан кымбат сатып алса, анда чыгым келтирдиңер деп сурака алсак болот эле. Ушул жерде элге бир нерсени түшүндүрүп коеюн. Эгер жогорудагы мамлекеттик мекемелер тендерсиз 67 сомдон эмес, 17 сомдон сатып алса дагы, укук коргоо органдары тендерсиз сатып алгансың деп жоопко тартмак. Анткени тендер деген мыйзам бар. Тендер деген балээни жок кылуу боюнча мыйзамга кол койдум.

Бир айдан кийин күчүнө кирет. Эми мындан ары мамлекеттик мекемелерде баш оору болбойт.

Ал эми Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Россиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш иели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей.

Улан ЧОЙБЕКОВ

Тендер жана Темиров…

Эске сала кетсек, Камчыбек Ташиевдин баласы Таймурастын компаниясы Жалал-Абаддагы бир топ тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн Temirov LIVE жарыялаган. Анын эртеси журналист Болот Темиров ага Жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» боюнча дагы эки кылмыш иши козголгонун айтып чыккан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.