Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалы менен Сулайман Кайыпов сыйланды

 Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалы менен Сулайман Кайыпов сыйланды

Бүгүн, 26-апрель — Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнү. Бул күнгө карата Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда “Интеллектуалдык менчик жана жаштар: инновациялар келечек үчүн” аталышта салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, бир катар мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана интеллектуалдык менчик жаатында эмгектенген адистер катышты. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып бергенден кийин, КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров, ЖК депутаты Нурланбек Шакиев жана Конрад Аденауэр атындагы фонддун Кыргызстандагы долбоорлорунун координатору Алексей Курохтин куттуктаган.

Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн каржылоосу менен даярдалган интеллектуалдык менчикти коргоо, товардык белгилер, автордук укуктарды каттоо жана инновациялык ишмердикти өнүктүрүү боюнча видеороликтердин бет ачары болду. Андан кийин Интеллектуалдык менчтиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалдары менен эки адам сыйланды.

Мамлекеттин экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкондугу, ойлоп табуучулук ишмердиктеги жетишкендиги үчүн “Ойлоп табуучулук үчүн”  номинациясы боюнча техника илимдеринин кандидаты Рыскул Касымбеков  сыйланды. Жана КРнын маданиятына кошкон зор салымы, чыгармачылыктагы барандуу жетишкендиктери үчүн “Чыгармачылык үчүн” номинациясы менен, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, фольклорчу-этнограф Сулайман Кайыпов сыйланды. Ошондой эле Кыргызпатенттин бир топ кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы  

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.