«Манас» эпосундагы 536 каармандын ысымын белгилүү окумуштуу-тилчи Аттокур Жапанов жарыялады

«Манас» эпосундагы 536 каармандын ысымын белгилүү окумуштуу-тилчи Аттокур Жапанов жарыялады

Аалы МОЛДОКАНОВ: «Атактуу агартуучу»

205 китептин (анын ичинде 40 сөздүк, 28 сүйлөшмө, 100 энциклопедия, 37 китеп, 35 макаланын) автору, КРСУнун профессору, белгилүү окумуштуу-тилчи Аттокур Жапанов КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Аалы Молдоканов жазгандай, «Бүгүнкү интернет заманында бүт кыргыз элин агартып жаткан академиги, атактуу агартуучусу, жаш муунга таалим-тарбия берүүгө адистешкен тилчи мугалим. Интернеттин тор желесин кара өзгөй кайым айтышуулар, дээри төмөндөрдүн уятсыз ушак-айыңы басып кеткен бүгүнкү сабатсыз заманда, сенин таалим-тарбия коштогон таасын маалыматтарың таажы тумоонун дарысындай табылгыс олжо экени талашсыз». Аалы агабыз жазгандай, Аттокур агайыбыз кудум ушундай. Бүгүн таң атпай, «Эгер уул-кызыңарга ат издеп жатсаңар силерге керектүү топтом» деп, «Манас» эпосундагы 536 каармандын ысымын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаптыр. Ал төмөндө:

Аттокур ЖАПАНОВ: «Эгер уул-кызыңарга ат издеп жатсаңар силерге керектүү топтом»

«А» тамгасына ысымдар

Абай — эпизоддук каарман
Абдыкадыр — катарда саналган каармандардын бири
Абдыкалык — эпизоддук каарман
Абдылда — болочокку кырк чоронун бири — Ажыбай
Абдылкадыр — эпос боюнча тажиктердин каны
Абдылкасым — эпизоддук каармаң
Абдыраман — кабарыш элинин улугу
Абыке — Манастын иниси
Абыл — эпизоддук каарман — Атемирдин уулу
Абылкасым — эпизоддук каарман, Атемирдин иниси
Абыш — кырк чоронун бири
Агалдай — Үсөндүн — Көзкамандын балдарынын бири
Агулук — эпизоддук каарман
Агыдай — кырк чоронун бири
Агылык — эпизоддук каарман
Агыш — уруу башчыларынын бири
Адирабийга — Каныкейдин эжеси
Адыгей — кырк чоронун бири, далычы
Ажыбай — кырк чоронун белгилүүлөрүнүн бири, чечен, өз аты — Абдылда
Азаймат — эпизоддук каарман
Азелкан — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Азирейил — жан алгыч периште
Айганыш — Көкөтөйдүн аялы
Айдар — көпчүлүк учурда жаш Айдар кабарчы, жарчы
Айдаркан — казактардын ханы, Көкчөнүн атасы
Айкожо — эпос боюнча кожо
Айнакул — болочокку кырк чоронун башчысы — Кыргыл
Айтак — эпизоддук каарман
Айымжан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Айымкан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Айымкүл — Көкөтөйдүн аялы
Акбай — балбан, уруу башчысы
Акбалта — Чубактын атасы, нойгуттардын каны
Акдөө — эргежээл, итаалылардын дөөсү
Акеркеч — Көкчөнүн аялы
Акмама — Каныкейдин энеси
Акпай — кырк чоронун бири
Акун — Ооган каны
Акунбек — эпизоддук каарман, көптүн бири катары уруу аксакалдарынын арасында саналат
Акунбешим — эпикалык душман кандарынын бири
Акурук — эпизоддук каарман
Акчабак — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Акыл — эпизоддук каарман
Акылай — Манастын аялы
Акылбайыс — эпизоддук каарман
Акымбек — катарда саналуучу уруу башчыларынын бири
Алаке — кырк чоронун бири
Алакен — кырк чоронун бири
Аламан — Манастын чабарман жигити
Аланча кан — Манастын түпкү аталарынын бири
Алашбек — эпизоддук каарман
Албүбү — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Алмамбет — белгилүү чоң баатыр, акылман
Алооке — эпикалык душмандардын белгилүү кандарынын бири, Коңурбайдын атасы
Алтай — кырк чоронун бири
Алтаң — эпизоддук каарман
Алтынкөкүл — думара уруусунун улугу
Алыбек — эпизоддук каарман
Алым — эпизоддук каарман, кырк чоронун бири Алакендин атасы
Алым мырза — эпизоддук каарман
Алымсарык — эпизоддук каарман
Алымсейит — эпизоддук каарман, Көкчөнүн жакындарынын бири катары саналат
Аңгир — эпизоддук каарман
Арбалдай — Үсөндүн — Көзкамандын балдарынын бири
Ардай — эпизоддук каарман
Ардалык — Атайдын атасы
Арсы — эпизоддук каарман
Арууке — Алмамбеттин аялы
Арышкан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Аскар — Жумабектин атасы
Атай — Кырк чоронун бири
Атайбек — эпизоддук каарман
Атакул — калмактарда айыл башы, эпизоддук каарман
Атала — эпос боюнча дөбөт элинин каны
Аталабек — катарда саналган каармандарынын бири
Атан — эпизоддук каарман
Атемир — Каныкейдин атасы — Каракан
Аядил — эпизоддук каарман

«Б» тамгасына ысымдар

Бабатай — Ороздунун он уулунун бири
Бабыр — Манастын түпкү аталарынын бири
Бабыркан — Манастын түпкү аталарынын бири
Багыш — эпизоддук каарман, Көкчөнүн жакын мыктыларынын бири катары эскерилет
Бадалбай — эпизоддук каарман
Бадаң бий — эпизоддук каарман
Базылбек — эпизоддук каарман, көптүн бири катары уруу өкүлдөрүнүн арасында саналат
Базылбек — катарда саналуучу эпизоддук каармандардын бири
Бай — Жакыптын агасы, Бакайдын атасы
Бай бак — коңурат уруусунан, кары адам, эпизоддук каарман
Бай куш — эпизоддук каарман, аяр
Байбол — Жакыптын бадачысы
Байгур — Манастын түпкү аталарынын бири
Байжигит — белгилүү уруу аксакалдарынын бири
Байкап — эпизоддук каарман
Баймырза — Көкөтөйдүн тууганы, Байдын уулу
Байыз — катарда саналган каармандардын бири
Бакай — Манастын аталаш тууганы, эң жакын жардамчысы, акылдашы
Бакатил — эпос боюнча Көкөтөйдүн бабасы
Бакдөөлөт — Жакыптын кичи аялы
Бактыгул — эпизоддук каарман, көптүн бири катары аталат
Бакүрүш — катарда саналган каармандардын бири
Бакча — катарда саналган каармандардын бири
Балкыбек — эпизоддук каарман
Балкыя — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Балтамат — эпос боюнча бараңдын чоңу
Барак кан — Көкчөнүн түпкү атасы
Басаңкул — Эпизоддук каарман, Нескара арык каздырып жаткан элге башчы
Батмабүбү — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Батмасам — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Баянчор — эпизоддук каарман
Бегиш — эпизоддук каарман, аяр
Бедөөң — эпостук каарман
Бейшекел — эпизоддук каарман
Бекебай — Үсөндүн — Көзкамандын балдарынын бири
Бердибай — эпизоддук каарман
Бердибек — кырк чоронун бири — Сыргак
Бердике — Жакыптын айылдашы, кадырлуу адамдардын бири катары аталат
Бийназар — эпизоддук каарман
Бозкертик — эпос боюнча калмак баатыры
Бозуул — кырк чоронун бири
Бокмурун — Көкөтөйдүн уулу, баатыр
Болжоң — эпизоддук каарман
Болот — кырк чоронун бири
Бообек — эпизоддук каарман, казак мыктыларынын бири катары саналат
Бооке — Алоокенин уулу, кийин кырк чоронун бири
Бооң — эпизоддук каарман, дөө, аяр
Бороончу — эпос боюнча калмак баатыры
Бөбөтай — Ороздунун он баласынын бири
Бөгөл — кырк чоронун бири
Бөйөн — Калмак байы, Чаяндын атасы
Бөкө — эпизоддук каарман, Көкчөнүн жигити
Будаңчаң — эпикалык душман баатырларынын бири
Буркан — эпизоддук каарман
Бурмажан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Бурунас — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Буруш — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Бурчак-Музбурчак — уруу башчысы, кыргыздын белгилүү баатырларынын бири
Буудайбек — Көкчөнүн кичи аялы
Буудайык — Музбурчактын атасы
Бууракан — Манастын түп аталарынын бири
Гүлканыш — Көкөтөйдүн аялы

«Д» тамгасына ысымдар

Дабаш — эпизоддук каарман
Дагулук — катарда саналган каармандардын бири
Дамбылда — айыл аксакалдарынын бири
Даңгыл — эпизоддук каарман
Даң-даң — эпизоддук каарман
Дардак — эпизоддук каарман
Дебеги — эпизоддук каарман
Делдеш — эпизоддук каарман
Деркенбай — эпизоддук каарман
Дилде — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Дого — эпизоддук каарман
Домабил — калмак баатыры, эпизоддук каарман
Дөгөн — калмак баатыры, эпизоддук каарман
Дөгөшө — эпизоддук каарман
Дөгүш — катарда саналган каармандардын бири
Дөмүл — эпос боюнча элинин беги
Дөөгөр — уста, эпизоддук каарман
Дөөкүр — эпизоддук каарман
Дөрбөлдөй — Үсөндүн — Көзкамандын балдарынын бири
Дөрбөн — Төртайдын атасы, кырк чоронун бири
Дөрө — эпизоддук каарман
Дуулат — эпизоддук каарман
Дуушаңгөр — Эсенкандын түпкү аталарынан
Дүбүрө — эпикалык душман баатырларынын бири

«Ж» тамгасына ысымдар

Жабагы — эпизоддук каарман
Жабыке — кырк чоронун бири
Жагалбай — эпизоддук каарман, Жанбайдын атасы
Жадигер — Багыштын аталарынын бири
Жайдар — Акбайдын атасы
Жайнак — кырк чоронун бири
Жайсаң — эпизоддук каарман, Бооң аяр менен кароолго барганда гана эскерилет)
Жакып — Манастын атасы
Жамгырчы — эпос боюнча эштектердин каны
Жамыра — эпизоддук каарман
Жанадил — Көкөтөйдүн атасы
Жанай — катарда саналуучу каармандардын бири
Жанбай — эпизоддук каарман
Жангер — кырк чоронун бири, Жабыкенин атасы
Жанымжан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Жаныш — эпизоддук каарман
Жаңшаа — Чоюндун атасы
Жаңыбай — эпизоддук каарман
Жапак — Ногойдун иниси Шыгайдын уулу
Жапар — Кудай аттарынын бири)
Жедигер — Багыштын түпкү атасы
Жеткир — Агыштын атасы
Жеткир бий — Агыштын атасы
Жолой — эпос боюнча калмактардын каны, баатыр
Жоодары — Чегиштин атасы
Жооке — эпизоддук каарман
Жооналп — дөө, пери алпы
Жоорунчу — кырк чоронун бири
Жөкө — эпизоддук каарман
Жумабек — эпизоддук каарман
Жүгөрү — катарда саналуучу уруу башчыларынын бири
Жүзгөн — Каманбектин атасы
Зыяндаш — Акбайдын колуктусу
Илебин — эпикалык душман кандарынын бири

«К» тамгасына ысымдар

Каар — Култандын атасы
Кабатай — Ороздунун он уулунун бири
Кабыке — кырк чоронун бири
Кабыл — эпизоддук каарман, Атемирдин уулу
Кадообай — эпизоддук каарман
Кадыр — кырк чоронун бири
Кайгыл — кырк чоронун бири
Кайып — мурдагы калмак кандарынын бири, кийин Манастын кайнатасы,
Калбүбү — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Калдай — эпизоддук каарман
Калдар — кырк чоронун бири
Калемкаш — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Калкаман — Кырк чоронун бири
Калмат акын — кашкарлык делет, эпизоддук каарман
Калтаң — эпизоддук каарман
Калча — катардагы саналган каармандардын бири
Каманали — дөө, пери алп
Каманбек — эпизоддук. Каарман
Камбар — Чаликтин атасы
Камбарбек — Чаликтин атасы
Камбаркан — Көкчөнүн чоң атасы
Канкуу — кашкардын каны делет, эпизоддук каарман
Каныкей — Манастын аялы, акылман, иштүү
Канымжан — эпизоддук каармандардын бири
Канышай — Бокмурундун колуктусу
Канышбек — Жакыптын айылындагы Куртка деген адамдын зайыбы
Капия — эпизоддук каарман
Кара кан — Каныкейдин атасы — Атемир
Кара мерген — эпизоддук каармандардын бири
Карабек — казак бийи, эпизоддук каарман
Карабөрк — Манастын аялы
Каражой — эпизоддук каарман
Каракан — Манастын түпкү атасы
Каракесек — катарда саналуучу эпизоддук каармандардын бири
Каракожо — уруу аксакалы, адатта көптүн катарында саналат
Карамар — эпизоддук каарман
Карасман — бир эле жерде кезиккен каарман, калмак балбаны
Каратай — кырк чоронун бири — Ырчы уул
Каратоко — эпизоддук каармандардын бири
Карач — катардагы саналган каармандардын бири
Карача — кыз Сайкалдын атасы, дагы бир аты — Каткалаң
Карынбай — жомоктук белгилүү бай
Каткалаң — Сайкалдын атасы
Кашкел — эпизоддук каарман
Кашым — Баймырзанын атасы
Кашым6ек — катардагы саналган каармандардын бири
Кегети — эпизоддук каарман
Кедер —- Жолойдун атасы
Кеелик — катарда саналган каармандардын бири
Кезек — Шооруктун атасы
Кейгур — эпизоддук каарман
Кейиппай — эпизоддук каарман
Кейкубат — катарда саналган каармандардын бири
Кейкубат — эпизоддук каарман
Кеймен — эпизоддук каарман, Шоорук кандын баатырларынын бири катары эскерилет
Кеймен — эпикалык душман баатырларынын бири, мансабы — Шаа
Келдике — эпизоддук каарман
Кемел — эпос боюнча Мысырдын бийлөөчүсү
Кемен — эпизоддук каарман
Кеңгес — эпизоддук каарман
Кербен — кырк чоронун бири
Керкөкүл — катарда саналган каармандардын бири
Киеикес — перилердин дөөсү
Китеналп — дөө, пери алп
Кишидаш — эпос боюнча перилердин балбаны
Коён — эпизоддук каарман
Кожо — кырк чоронун арасында Манас Каныкейге үйлөнгөндө эскертилет
Кожош — катарда саналган каармандардын бири
Койчуман — эпизоддук каарман
Коккөён — эпосто султан делет
Коной — эпизоддук каарман
Коңгуроолу — эпизоддук каарман, Алоокенин агасы, Абыштын атасы, Кошабыштын атасы
Коң-Коңбай — эпикалык душмандардын башкы баатыры — Коңурбай
Коңур бий — эпизоддук каарман
Коңурат — эпизоддук каарман
Коңурбай — эпикалык душмандардын эң мыкты деген баатыры
Кортук — калмактардын айыл башчысы, эпизоддук каарман
Кошабыш — кырк чоронун бири
Кошой — катагандардын каны, белгилүү баатыр
Көбөн — катарда саналуучу уруу башчыларынын бири
Көбөтай — Ороздунун он баласынын бири
Көбөш — Манастын агалаш иниси
Көгөй — Манастын түпкү аталарынын бири
Көгөн — катарда саналуучу эпизоддук каармандардан
Көгүчкөн — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Көзкаман — Жакыптын агасы Үсөнгө душмандар койгон ат
Көйүш — эпизоддук каарман
Көкбөрү — Коккоёндун атасы
Көккоён — кырк чоронун арасында Манас Каныкейге үйлөнгөндө эскерилет
Көкмөк — Керкөкүлдүн агасы
Көкөтөй — Манаска кызматы өткөн, кыргыздарга кадыры жарашкан бай адам. Ташкендин каны
Көкчө — казактардын каны, баатыр
Көкчөкөз — Манастын аталаш туугандарынын бири, Үсөндүн (Көзкамандын) улуу
Көнөк — эпос боюнча перилердин тайып деген уруусунун башчысы
Көрүш — Керкөкүлдүн атасы
Көтөрүш — эпос боюнча жапандардын башчысы
Көчпөс бай — Жанайдын атасы
Көшөндү — Жетим урук деген жомоктук элдин улугу
Кубат — эпизоддук каарман, Жакыптын койчуларынын башчысы
Кузабүбү — эпизоддук Каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Кулжан — эпизоддук каарман
Кулжар — Көкөтөйдүн аялы
Култаң — эпизоддук каарман
Култка — эпизоддук каарман
Кулус — эпизоддук каарман
Кулусун —(эпизоддук каарман
Кумар — Дебегенин атасы
Кур — эпизоддук каарман, Коңурбайдын жолдошу
Куртка — Жакыптын айылдашы, эпосто жөн гана катарда саналат
Кутаналп — дөө, пери алпы
Кутман — эпизоддук каарман
Кутубай — катарда саналуучу каармандардын бири, Жакыптын айылдашы
Кутубий — кырк чоронун бири
Кутунай — кырк чоронун бири
Куяс — эпикалык душман баатырларынын бири, аяр
Күдөң — эпизоддук каарман
Күйөнүш — эпизоддук каарман
Күлдүр — Чалыбайдын атасы
Күлтүкан — эпизоддук каарман
Күлчоро — Алмамбеттин уулу
Күнөгөр — эпизоддук каарман
Күнөс — эпизоддук каарман
Күшөң — эпизоддук каарман
Кыдырбай — Таздын атасы
Кызыл дөө — жомоктук элдин башчысы
Кызыр Иляс — адамдарга бакыт — таалай алып келүүчү касиеттүү күчтүн — колдоочунун аты
Кымкар — эпизоддук каарман
Кыргыз — эпос боюнча кан
Кыргыл — кырк чоронун башчысы
Кырмус — эпикалык душман кандарынын бири
Кыяпат — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Кыяс казы — кырк чоронун арасында Манас Каныкейге үйлөнгөндө эскерилет
Кыяш — Жолойдун аялы

«М» тамгасына ысымдар

Маамыт султан — эпос боюнча Балык, Бадакшандын каны
Маарамбүбү — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Маарамкан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Мажик — кырк чоронун бири
Мазабыл — эпос боюнча арап элинин башчысы
Маматбек — эпизоддук каарман
Мамбет — катарда саналган каармандардын бири
Манас — эпостун негизги каарманы
Манжыбек — Манастан өлгөн Кортук деген калмактын уулу, кийин кырк чоронун бири — Мажик
Мардыкелең — эпизоддук каарман
Медер — эпизоддук каарман
Меңдибай — эпизоддук каарман
Меңдигул — эпизоддук каарман
Миңбай — эпизоддук каарман
Мөндү-Чебең — эпизоддук каарман
Музбурчак — уруу каны
Мунар бий — катагандардын кадырлуу адамдарынын бири, адатта уруу өкүлдөрүнүн арасында саналат
Мунаркан — мурда душман кандарынын бири, Кошойдун кайнатасы, кийин кыргыздын кандарынын бири
Мунускан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Мурадыл — эпикалык душман баатырларынын бири
Мырза — катарда саналган каармандардын бири

«Н», «О», «Ө», «П» жана «Р» тамгаларына ысымдар

Нааркүл — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Назарбек — Ошпурдун уулу, эпизоддук каарман
Найман — эпизоддук каарман
Начарбүбү — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Нескара — эпикалык душмандардын белгилүү баатырларынын бири
Ногой — Манастын чоң атасы
Нуркабыл — катарда саналган каармандардын бири
Нуукер — эпикалык душман баатырларынын бири
Ойрок — эпизоддук каарман
Ойсалкын — Үрбүнүн аялы
Орго — эпикалык душман кандарынын бири
Ордобай — Ороздунун он уулунун бири
Орозду — Жакыптын үч агасынын бири, Ногойдун эң улуу уулу
Ороңгу — эпос боюнча эпикалык душман ханшасы, дөө, баатыр аялы
Отор бий — эпизоддук каарман
Ошпур — Жакыптын койчусу, эпос боюнча кадырлуу адамдардын бири
Өзүбек — Абдылданын — Ажыбайдын атасы
Өкүмкан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Өмүрзак — эпизоддук каарман, уруу өкүлү катары саналат
Өскөнбай — эпизоддук каарман
Панус — Көкөтөйгө чейин Ташкенди бийлеп турган адам
Паң — Коңурбайдын түпкү атасы, кээде уруу катары
Рустөм — легандарлык баатыр

«С» тамгасына ысымдар

Саалай — катарда саналган каармандардын бири
Сабатай — Ороздунун он уулунун бири
Сайкал — баатыр кыз
Саламат — Жакыптын айылдашы, кадырлуу адамдардын бири
Санамкан — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Санамкүл — Орго кандын аялы, эпизоддук каарман
Санарбүбү — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Санжы — кээде Сынчыбек, же Санжыбек — уруу башчысы
Санирабийга — Манастын аялы — Каныкей
Сарбан — Жакыптын төөчүсү
Саргыл — Баймырзанын айлын чаап алган баатыр
Сары — эпизоддук каарман, аяр
Сары дөө — уру башчысы
Сатай — уруу башчыларынын бири, кийин кырк чоронун бири
Саят — Абдрамандын атасы
Сейилкан — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Сейилсам — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Сейит — Кемелдин атасы
Селим — эпизоддук каарман
Семетей — Манастын уулу
Серек — кырк чоронун белгилүүлөрүнүн бири
Серсебай — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Согарбай — эпизоддук каарман
Солобо — Алмамбеттин чоң атасы
Сонунбүбү — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Соорондук — эпикалык душман кандарынын белгилүүлөрүнүн бири, Алманбеттин атасы
Соорун — эпизоддук каармандардан
Сукан — жомоктук элдин дөөсү
Сукумбек — эпизоддук каарман
Сулайка — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Сулайман — пайгамбар
Султакан —катарда саналган каармандардын бири
Суркан — эпизоддук каарман
Сыргак — белгилүү чоң баатыр, кырк чоронун бири, өз аты — Бердибек
Сыягүл — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири

«Т» тамгасына ысымдар

Тагылык — эпизоддук каарман
Таз — кыпчактардын каны
Тазбаймат — кырк чоронун бири
Тайлак — Бакайдын иниси
Талапбүбү — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Талбаарам — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Тана — эпизоддук каарман
Таноо — эпизоддук каарман
Тарбын — эпизоддук каарман
Таргыл — эпизоддук каарман
Ташбүбү — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Тейиш — Текес кандын иниси, Текес өлгөндөн кийин ордуна кан болот
Текес — калмак каны
Темир — Текес кандын атасы
Тизекан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Тизелик — эпизоддук каарман
Тилеке — эпизоддук каарман
Тобатай — Ороздунун он уулунун бири
Токон — эпизоддук каарман
Токотой — кырк чоронун бири
Токтобай — Үсөндүн — Көзкамандын балдарынын бири
Токтообий —эпизоддук каарман, уруу өкүлү катары аталат
Токтор — эпизоддук каарман
Токшукер — Бозкертиктин атасы
Толтой — Багыштын уулу, «Семетей» эпосундагы каармандардын бири
Торум — атактуу уз кыз
Торум кыз — катарда саналуучу эпизоддук каарман
Төбө бий — эпизоддук каарман, Кулжандын атасы
Төкө — эпизоддук каарман
Төлөк — кырк чоронун бири, төлгөчү
Төлөнбек — эпизоддук каарман
Төрөн — Манастын түпкү аталарынын бири
Төртай — кырк чоронун бири
Төштүк — уруу башчысы, баатыр
Тугалык — эпизоддук каарман
Тулус — эпизоддук каарман
Турсунай — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Туушаң — кытай хандарынын бири
Түбөй — Манастын чоң аталарынын бири
Түгөл — Манастын чоң аталарынын бири
Түгөлбай — эпизоддук каарман, кыргыз балбаны
Түлкү — Ооган каны Акундун тууганы
Түлөө — кырк чоронун арасында Манас Каныкейге үйлөнгөндө эскерилет
Түлөөбек — эпизоддук каарман
Түлөөбий — эпизоддук каарман
Түмөн — кырк чоронун бири
Түмөнбай — эпизоддук каармандардын бири, Абдылданын атасы делет
Түнөгөр — балбан, эпизоддук каармандардын бири
Түрк — Дамбылданын атасы
Тынымбейит — эпизоддук каарман

«У» жана «Ү» тамгаларына ысымдар

Угуз кан — Манастын түпкү аталарынын бири
Удайчы — эпизоддук каарман
Уйгур — Манастын түпкү аталарынын бири катары саналат
Улаңгы — эпизоддук каарман
Улугат — эпизоддук каарман, Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Урмат — катаган уруусунун кадырлуу кары адамдарынын бири, көптүн бири катары саналат
Ушаң — эпос боюнча калмак баатыры
Уюк — Багыштын атасы
Үйшүмбай — эпизоддук каарман
Үйшүн — катарда саналуучу каармандардын бири
Үйшүнбай — эпизоддук каарман
Үмөт — кырк чоронун бири
Үндүчак — эпос боюнча дөбөт элинин каны
Үрбү — белгилүү баатырлардын бири, кыпчактардын каны
Үркөрбүбү — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Үрүстөм — легендардык баатыр
Үсөн — Жакыптын үч агасынын бири — Көзкаман

«Ч», «Ш», «Ы» жана «Э» тамгаларына ысымдар

Чагалдай — Манастын аталаш туугандарынын бири, Үсөндүн (Көзкамандын) экинчи уулу
Чаганбай — Күлдүрдүн уулу, кийин кырк чоронун бири — Чалыбай
Чагатай — Ороздунун он баласынын бири
Чагоо — катарда саналуучу эпизоддук каармандардын бири
Чагырай — сынчы, Алоокенин уулу
Чакчайыш — эпос боюнча эргежээл элинин улугу
Чалик — кырк чоронун бири
Чалы — болочокку Чалыбай — кырк чоронун бири
Чалыбай — кырк чоронун бири
Чаң-чаң — эпизоддук каарман
Чатаңайыш — эпос боюнча бараң элинин каны
Чаян — калмак байы, Жакыптын кайын атасы
Чегебай — Манас менен кошо козу кайтарган бала, болочокку кырк чоронун бири — Кутубий
Чегетей — Ороздунун он баласынын бири
Чегиш — эпос боюнча уруу башчыларынын бири, каңгылардын баатыры
Чечендер — эпизоддук каарман
Чокон — эпизоддук каарман
Чоро — наймандардан чыккан баатыр, эпизоддук каарман
Чоюналп — эпос боюнча даңгыт элинин чоңу
Чубак — белгилүү чоң баатыр, кырк чоронун бири
Чулу — эпизоддук каармандардын бири
Чыйыр — Жакыптын аталаш агаларынын бири
Чыйырды — Манастын энеси — Шакан
Чылаба — Коңурбайдын түпкү аталарынын бири
Чынарстан — Шаабектин атасы
Чынаяткан — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Чыноончук — эпос боюнча дөбөт элинин баатыры
Шаабек — кырк чоронун бири
Шаатемир — эпизоддук каарман, Атемирдин иниси
Шагыл — эпизоддук каарман
Шагыл бий — Атайдын атасы
Шаймерден — жигиттердин колдоочусу
Шакан — Манастын энеси — Чыйырды
Шакум — кырк чоронун бири — Мажик
Шамың шаа — эпизоддук каарман
Шаңгы — Кербендин атасы
Шаңдөөгөр — эпизоддук каарман
Шаңмусары — эпизоддук каарман
Шелкым — эпизоддук каарман
Шибен — эпизоддук каарман
Шоңко — Кербендин атасы
Шоорук — белгилүү кандардын бири, Манастын кайнатасы
Шууту — кырк чоронун бири
Шүкүр — кырк чоронун бири
Шүңгүр — эпизоддук каарман
Шыгай — Манастын чоң атасы Ногойдун бир тууганы
Шынгынай — Каныкейдин нөкөр кыздарынын бири
Шыңгы — кырк чоронун бири Кербендин атасы
Ыбыш — кырк чоронун бири
Ыйбанкүп — катарда саналган каармандардын бири
Ыйман — Жакыптын жылкычысы, эпизоддук каарман
Ыраман — Каратайдын — Ырчы уулдун атасы, эпизоддук каарман
Ыраңшоо — Эпизоддук каарман
Ырдык— эпизоддук каарман, аяр
Ырчы уул — кырк чоронун бири, өз аты Каратай
Элеман — кырк чоронун бири
Элим — эпизоддук каарман
Эсенкан — эпикалык душмандардын башкы каны
Эштек — Жамгырчынын атасы
Аттокур ЖАПАНОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.