ИЮНЬ КООГАСЫ: Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Ташиевдин дооматтарын четке кагууда…

ИЮНЬ КООГАСЫ: Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Ташиевдин дооматтарын четке кагууда…

Президент Садыр Жапаров Ош окуясы (2010-жылдагы июнь коогасына) байланыштуу күбө катары кечээ, 27-апрелде Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирген эле.

Президенттин сурак бериши кечээтен бери социалдык тармактарда кызуу талкууланууда… Ал 2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору болгон.

Башкы көзөмөлдөөчү орган 26-апрелде 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен козголгон.

Буга чейин канча адам сурап берген?…

Бүгүнкү күнгө карата ошол маалда жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан 15 адам сурак берген. Алар: Жалал-Абад облусунун мурдагы губернаторлору Бектур Асанов менен Жумагүл Эгембердиева; Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров жана аны уулу Руслан Бекназаров; Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев; Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев; Апрель-июнь окуяларын иликтеген Жогорку Кеӊештин убактылуу комиссиясынын төрагасы Токон Мамытов; ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Бакыт Алымбеков менен Сүйүн Өмүрзаков; Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов; Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков; Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Максатбек Жээнбеков; Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев жана атайын кызматтын Жалал-Абад обласундагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Жаныбек Жоробаев.

Камчыбек Ташиевдин айтымында…

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага 25-апрелде күбө катары суракка кирип чыккан. Ал башкы көзөмөлдөөчү органдан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ошол кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн аракетин сындаган жана Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткен жагдайы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экенин билдирген. .

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Ташиевдин дооматтарын четке кагып жатат.

Эске сала кетсек, 2010-жылы Июнь коогасы маалында Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн, ошол жылы күзүндө парламенттик шайлоодо «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Ал УКМКга кызматка келгенден кийин, мындан бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирип, анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, «куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду» деген корутунду чыгарган.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.